Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гүлендин мектебин аяктагандар чала молдо дин бузарга айланып калышууда

Гүлендин мектебин аяктагандар чала молдо дин бузарга айланып калышууда

17-июль, 11:23
1 750 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эл аралык коомчулуктун берген баасына ылайык, кыргыз президенти Садыр Жапаров дүйнө жүзүндөгү таасирдүү он саясатчынын катарына кошулган. 

Өткөн кылымда В.И.Ленин, И.В.Сталин сыяктуу атактуулар болсо, бүгүнкү күндө В.В.Путин, Си Цзиньпин деп баарын санап отуруунун кажети жок. Бири-биринен кем калбаган он саясатчы бар, ошого жараша мамиле түзүшкөнү белгилүү. 30 жылдан бери кокусунан президент болуп калган кыргыздардын ал-акыбалын жакшы билген чет элдиктер аларды катарга кошмок тургай, адам катары санабай, “жамандын коногу бийлейт” болуп, өздөрүнүн менчик колониясына айлантып алышкан. Бирок, кыргыз президенттерин маңкурт катары башкарып алган капиталисттердин аракеттери ишке ашкан жок. Анткени кыргыз элинин кылымдардан бери келаткан улуттук сапаттары миң эсе жогору болуп чыкты. 

Капиталисттердин айткандарын ашыгы менен аткарып турган кыргыз президенттери айдалып чыгып жатышты. “У нас парламентаризм” деп мамлекетти коррупция менен мафияга башкартып койгон Сооронбай Жээнбековдун убагында мамлекеттүүлүк жана мыйзамдуулук биротоло жок болду. Кыргызстан – бийлик, байлык, акчага жутунган диний фанаттардын мекенине айланып, арасында террорист-экстремист, радикалдык күчтөр, тыюу салынган диний агымдар, ар кандай секталар толуп алышкан. Саясат, экономика, идеологияны урганы жок ака-үкалардын бийлиги Кыргызстанды бир кылым артка сүрүп таштады.

Хандык бийлик орнотулуп, мечит, медреселердин молдокелери бийлик бутактарын кадимкидей башкарып алышкан. Динди бетине кармаган шылуундардын бир гана максаты – бийлик, байлык, акча экенин кыргыз эли көрүп-билип, түшүнүп турушту. Акырында чыдамы түгөнгөн эл көтөрүлүп чыгып, баарын айдап чыгышты. Бирок чала молдо дин бузарлар таңуулаган диний концепция мектептерде, окуу жайларда, алтургай телеканалдарда кала берди. Анүстүнө Түркияда ишке ашпай калган төңкөрүштөн кийин куугунтукка алынган “феточулар” толугу менен Кыргызстанга ооп келишкен. Төңкөрүштүн артында АКШ турганын  түшүнгөн Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган миңдеген төңкөрүшчүлөрдү камакка алып, калгандарын жердин жети катмарынан таап келип сазайын берүүдө. Дүйнөдөгү таасирдүү он саясатчынын катарындагы түрк президенти өз өлкөсүн ички жана тышкы душмандардан сактап калганы башкалар үчүн үлгү болушу керек. Чечкиндүү аракеттерди жасабай, айкөлдүгүн көрсөтүп, былжырап жүрө берсе, жеке эле өзү эмес жалпы түрк дүйнөсү жабыркап калмак. АКШ жүргөн жерде революция, төңкөрүш, согуш-кыргын, өлүм-житим, ачкачылык, кыйрап жок болуулар орун алат эмеспи. Ошондуктан, Россия президенти В.В.Путин менен мамиле түзүп, НАТОнун тыюусуна карабай Россиянын курал жарактарын, С-400 ракеталарын алып, түрк тилдүү боордош элдер менен саясат жүргүзүүдө. Бирок АКШнын 30 жылдык “идеологиялык согушуна” туш болгон кыргыздардын аң-сезими теңирден тескери кеткени чатак болду. АКШда бекинип жүргөн диний фанат Ф.Гүлен төңкөрүш аркылуу Түркияны АКШга басып бергиси келсе, геосаясатты түшүнбөгөн кыргыз “гүленчилери” Эрдоган менен Жапаровду күнөөлөй баштады. Анткени “гүленчилер” Кыргызстанга келе баштаган күндөн тартып, кийинки революцияны же төңкөрүштү ошолор ишке ашырары айтыла баштаган.         

Төңкөрүштүн башында турган Ф.Гүлен ашынган динчил адам болгондуктан, түшүнүгү тар, деңгээли төмөн болуп, сүйлөп жатканда өзүнө-өзү ээ боло албай, кадимкидей ыйлай баштайт экен. Арыз-арманын айтып ыйлап жаткан бечара адамга ким да болсо боору ооруйт да. Өзгөчө боорукерликти көрсөткөн АКШ жардамын аябай, Ф.Гүлендин мектептерин көбөйтүп, “өзгөчө” программа менен окута баштаган.    

“Гүленчилердин” жардамы менен эч кимге баш ийбеген Р.Т.Эрдоганды кыргыз президенттериндей айткандын баарын аткарып, көчүк-пөчүктөрүн жалап турган президентке алмаштырууну көздөшкөн. Бирок төңкөрүш кыйрап, “гүленчилер” камакка алынып, ЦРУ менен НАТОнун планы ишке ашпай калды. Жаны кашайган Р.Т.Эрдоган Африка-Азия качкындарын Европага каптатып ийерин айтканда, тигилердин жүрөктөрү түшүп отуруп калышты. Чын эле чегирткедей каптап кетишкен качкындар Европаны ээлеп алышса, тигилердин колунан эмне келет? 

Бүгүнкү медреселердин деңгээлиндеги Гүлендин мектебин аяктагандар чала молдо болуп калышканын өздөрү түшүнө алышпайт. Анткени, илим-билим, техника, маданият, искусство болуп отуруп, “быть всесторонне развитым человеком” деп илгерки СССР убагында окутулган сыяктуу бүгүнкүлөрдүн кичинекей түшүнүгүндө “биз баарын билебиз, мурдагылар ишке жарабай калган эскилер, ошондуктан баарын жок кылыш керек” деген примитивдүү, агрессиялык көз караш. “Шарыяттын мыйзамдары менен жашайбыз” деген талибандар менен “гүленчилер” бир адамдын эки колу сыяктуу АКШнын жандуу куралына айланышкан. Бирөөсү Түркияда төңкөрүшкө аракет кылса, экинчиси Афганистанды басып алып, АКШнын алдамчы саясатын аткарып жатышат. Түшүнүгү тар динчилдерди караңгылыктан сууруп чыгыш үчүн илим-билим, маданият тармактарын реформалоо керек. Же болбосо динчилдер өздөрү менен өздөрү кайнай беришсин, аларды мамлекеттик окуу жайларга, мамлекеттин иштерине аралаштырбоо керек. Мамлекет өзүнчө, дин өзүнчө болгон светтик өлкөбүз да... 


Зарлык Дыйканбаев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер