Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Ачык айтып, ак сүйлөгөндөрдү камоо менен маселе чечилбейт”

“Ачык айтып, ак сүйлөгөндөрдү камоо менен маселе чечилбейт”

13-октябрь, 17:57
518 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бизге Түндүк Корея менен Түркмөнстандан башка өлкөлөрдү туурасак жарашабы?..

Эсенгул Исаков, экс-депутат:

-- Албетте, эч бир өлкөнү туурабаш керек. Ар бир адамдын өзүнүн мүнөзүкыялы, басышы, жүрүм-туруму болот эмеспи. Бир адам башка адамды канча туураса да окшобойт. Ошол сыяктуу биздин Кыргыз мамлекетинин атаабаларыбыздан бери келаткан өз тили, дили, каада-салты, үрп-адаты бар. Ооба, өнүккөн мамлекеттердин социалдык-экономикалык өсүшүнүн жаңы механизмдерин, ноу-хау инструменттерин пайдаланыш керек, бирок ал механизмдерди пайдалануунун алдында сөзсүз улуттун кызыкчылыгына багыттап, үрп-адат, каада-салтыбызды эске алуу менен ишке ашыруу зарыл.

Рамазан Дырылдаев, укук коргоочу:

-- Негизи цивилдүү, өнүп-өскөн өлкөлөрдүн социалдык-экономикасын өстүргөн механизмдерин туурасак жакшы болот эле. Бирок, аларды тууроо үчүн сөз эркиндигине шек келтирбей, адам укугун коргош керек да. Бийликтин жакшы иштерин эске алалы, бирок 11 журналисттин камалышы эл аралык уюмдардын сынына кабылды. Мына ушундай маселелерде дагы сак болушубуз керек.

Ошон үчүн өлкөбүздү өнүктүрүүнү ойлосок, көп нерселерди эске алып, алардын талабын да аткарышыбыз шарт. Мисалы, президентине жүгүнүп, бирок өнүкпөй калган мамлекеттер бар. Биз андай болбой, мыйзамды, эрежени сактап, бирок мамлекетти өнүктүрүүнү колго алышыбыз керек. Ачык айтып, ак сүйлөгөндөрдү камоо менен маселе чечилбейт. Көп балалууларга мамлекет колдоо көрсөтүшү шарт. “Мамлекет үчүн төрөдүң беле? Квартирага төлөп жашаганга мүмкүнчүлүгүң бар экен” дебей, пособиени жакыр жашагандарга эле эмес, көп балалуулардын баарына чегерип, сүйүнчү пулду көбөйтүп, мамлекет да балдардын көп төрөлүшүнө кызыкдар болуп, улуттун саламаттыгын сактап, дени-карды соо наристелердин жарык дүйнөгө келишине салым кошуш керек. Мисалы, Өзбекстан эгемендик алгандан бери эки эсе көбөйдү. Биз болсо, 7 миллионбуз дегенибиз менен анын жарымына чукулу сыртта жүрүшөт. Эч бир мамлекетти туурабай, дени сак улутту сактап, мамлекеттин бүтүндүгүнө, эркиндигине шек келтирбей жашайлы.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер