Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кош бол, Баатырым!

Кош бол, Баатырым!

02-декабрь, 19:00
943 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мамбет Мамакеевич улуулардын улуусу эле

Баатырлардын баатыры эле

Хирургдардын атасы эле

Ысык-Көлдүн акеси эле 

Кудайымдын баласы эле.


Мамбет Мамакеевич менен мен:

Мезгил боюнча замандаш элем,

Парламент боюнча классташ элем,

Бычак боюнча кесиптеш элем,

Кылыч боюнча баатырлаш элем,  

Келечек боюнча тилектеш элем,

Төр-конок боюнча тамакташ элем,

Ой-толгоо боюнча санаалаш элем,

Жаза келсек калемдеш элем.

Мамбет Мамакеевич өзүнүн талыкпаган эмгеги менен, кажыбас кайраты аркылуу Кыргыз Республикасынын сыйлыктырынын баарын алды, элибиздин сый-урматына ээ болду. Анын себеби, Мамбет Мамакеевич энесинин эмчегин эме электе, Умай энеси киндигин кесе электе, көзү ачылып бул дүйнөнү көрө электе, энесинин курсагынан түшө электе Кыдыр акенин батасын алган, Кудайымдын назары түшкөн, мээрими төгүлгөн. Ошондуктан Мамбет авамдын жанында ар дайым жандоочусу, сактоочусу пири коштоп жүрдү.

Мамбет Мамакеевич медицина тармагында өтө терең өчпөй турган из калтырды. Хирургдардын мектебинин мектебин жаратты. Кыргызстандагы хирургиянын деңгээлин өтө бийик көтөрдү, эл аралык деңгээлге кошту. Кыргызстанга хирургдардын үрөн-уругун септи, ал урук арифметикалык прогресс менен өсүп-өрчүп жатат. Өзүнүн жасаган операцияларынын саны 30 миң болсо, окуучулары жасаган операциялардын саны 300 миңден ашып кетти десем жаңылышпайм. Мамбет Мамакеевичтин жетекчилиги менен 22 докторлук, 43 кандидаттык диссертация корголду, алардын дагы окуучулары илимдин доктору, кандидаты болушту. 

Мамбет Мамакеевич – Кыргызстан боюнча жалгыз Гиннестин китебине кошулган, республика боюнча бирден-бир Манастын үч орденинин ээси, анан Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргызстан боюнча жалгыз “Улукман” деген атка конду, өлкөбүздөгү Ысык-Көлдүн дагы бир абройлуу акеси дегенге татыктуу. 

Биз, хирургдар, Мамбет Мамакеевичти жүз жашка чыгарабыз деп максат койдук эле, ошону кааладык эле. Биз айттык эле “сиз жүзгө чыксаңыз, биз сизди Мамбет дебей “Кылымбек” деп атап жүрөлү” дедик эле. Биз ошентип “Кылымбек” дей албай калдык, Мамбет деген өзүңүздүн нукура атыңыз менен о дүйнөгө кете бердиңиз. О Мамбет ава, жүзгө чыкпай эмне мынча шаштыңыз?!

Жашап жүргөн ак сарайды 

Тар чалдыбар дедиңби?

Кире турган мүрзөңдү боз сарайым дедиңби?

Жакасы жок, жеңи жок

Ак кепинди кийгим келди дедиңби?

Чырагы жок, шамы жок

Капкара үңкүргө киргим келди дедиңби?  

Кудайымдын илимин 

Билгим келди дедиңби?

Чын дүйнөнүн мүрөгүн 

Ичким келди дедиңби?

О турмуштун кызыгын 

Көргүм келди дедиңби?

Кудайымдын бейишин 

Көргүм келди дедиңби?


О Мамбет ава!

Сен баштаган улуулукту улайт ким?

Сендей кылып аянычтуу сурайт ким?

Сен жок болсоң сезимдерим жылытып, 

Сендей аяп, маңдайымдан сылайт ким?


О Мамбет ава!

Болбосоң да жатындагы 

Болуп жүрдүң акылдаш.

Өзгөчө эле мүнөзүң, 

Жалган сөзгө сатылбас.

О дүйнө кетти замандаш

Кала бердик биз мында

Өзүңдү сыйпап табалбас.


О Мамбет ава!

Алла Таалам жараткан

Асмандан тийген ай жалгыз

Кудайым өзү жараткан

Күндүзү тийген күн жалгыз

Кесиптеш сенден ажырап, 

Алсырап калдым мен жалгыз.

Хирургдардын башында 

Кумири элең сен жалгыз.

Атамдай акыл үйрөткөн,

Турмуштун арабасын сүйрөткөн,

Энемдей акыл үйрөткөн,

Ээрчитип мени күүлөнткөн,

Эл ичинде чыйралтып, 

Элиртип мени сүйлөткөн.


Кире калып жаппаган эшигиңди калтырдың, 

Ичип жүргөн тойлордо кешигиңди калтырдын, 

Улап жүрсүн балдар деп кесибиңди калтырдың, 

Жүзгө чыкпай өмүрдүн тарттырдың бизге күйүтүн.


Миталип Мамытов, академик  
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер