Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бакыт Узенбаев: “Коңшу өлкөлөр кыргыз элинин сунуштарын кабыл алышсын”

Бакыт Узенбаев: “Коңшу өлкөлөр кыргыз элинин сунуштарын кабыл алышсын”

26-апрель, 21:03
801 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Чек ара маселеси тереңдеп, Камчыбек Ташиевдин сунушу эл арасында катуу талкууланууда. Ал сунуштарды кантип ишке ашырса болот?

-- Дал ушул учурда чек ара боюнча карама-каршылыктуу ойлор айтылып, талкууга түшүүдө. Бирибиз айга-күнгө теңеп, мактап, бирибиз жерден алып көргө салып жамандап жатабыз. Коомдо абсолюттук жаман адам дагы, абсолюттук жакшы адам дагы жок. Кемчилиги жок адам болбойт. Биз кыргыздар, улам баарын жокко чыгарып, улам жаңысын алып келип жатып, өлкөбүздү оор акыбалга алып келип койдук. Эми азыр ынтымакка келип, бир жакадан баш, бир колдон жең чыгарып, биримдикке келер учурдабыз.

Бизде дагы, кошуна өлкөлөрдө да чек ара боюнча кемчиликтер дагы, жакшы ийгиликтер дагы бар. Туура эмес чечилгенин дагы жакшы өңүттө карап, коңшу мамлекеттерди кыргыз элинин сунуштарын кабыл алууга аргасыз кылышыбыз керек. 

Камчыбек Ташиев боюнча терс дагы, жакшы дагы пикирлер айтылып жатат. Мен Камчы инимдин мекенчилдигине ишенем. Кемчиликтен жыйынтык чыгарып, айланасындагылар ким кандай кеңеш берди өзү салмактап жаткандыр. Камчыны мен Кыргызстандын пайдасына жол табат деп ишенем. Ошол жолдун табылышына биз баарылап салым кошушубуз керек. 

Чек ара боюнча мыкты, дасыккан ишмерлерди, ушул ишке аралашкан адамдарды чогултуп, ийри отуруп түз кеңешип “кандай дейсиңер, кайсы жерден кантип утабыз? Кайсы жерде биздин алсыздыгыбыз бар? Кайсы жерде кошуна өлкөлөрдүн алсыздыгын көрүп жатабыз?” деп таразалап, туура чечип алсак, кыргыз мамлекетинин келечегине жакшы иш болот. Кандай болсо дагы биздин аймакка шек келбей турган кылып чечишибиз керек. Чечилбеген маселе болбойт. Андыктан президентибиз Садыр Жапаровго да, Камчыбек Ташиевге да ийгилик каалап, өз пикиримди жолдоп, кыргыз элинин өнүгүшүнө аз да болсо салым кошуп берсем деген ниетим бар. Баткендеги анклавдарды Кыргызстанга калтыра турган шанстар бар. Баарын убакыт таразалайт. 

Азыр ушуларды көтөрбөсө, кийин кеч болуп калат. Азыр жол табышыбыз керек. Ошон үчүн куру патриоттор жөн эле кыйкыра бербей, “чек ара үчүн эмне кылдым?” деп ой жүгүртүш керек.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер