Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Элдар Абакиров: “Экономиканы өстүрө турган кадрлар али көзгө көрүнгөн жок”

Элдар Абакиров: “Экономиканы өстүрө турган кадрлар али көзгө көрүнгөн жок”

16-июль, 01:38
5 065 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- ИДП улам төмөндөп, экономикабызда жылыш жок. Мындан ары кандай абал күтүлөт?

-- Азыр салык комитети ж.б. органдар “былтыркыга салыштырмалуу көбүрөөк салык түшүп жатат” дегендей жыйынтыктарды чыгарып жатышат. Негизи эске ала турган нерсе, Америкада триллиондогон долларларды принтерлерден чыгарып, доллардын баркын кетиришти. Долларга карата сомдун да баркы кетти. Ошондуктан товарлардын баасы өсүп, кымбаттады. Акчалай балким 3-4% өсүш көзгө көрүнгөндөй болот. Инфляцияны эске алганда, төмөндөп, улам артка кетип жатабыз. Элге жашоо улам кыйындап бара жатат. Азык-түлүктүн баасы кескин өстү. Айлык маяналар ошол бойдон өскөн жок. Артыбыз туман...

-- Саясый абалыбызчы?

-- Саясый абал жалпысынан оор. Экономиканы өстүрө турган, иштин көзүн таап, кызмат кыла турган кадрлар көзгө көрүнгөн жок. Элге негизинен жумуш керек. Татыктуу маяна, коопсуздук жана адилеттүүлүккө муктажбыз. “Буларды ишке ашыруу үчүн эмне иштер жасалып жатат?” дегенде көзгө көрүнөрлүк эч кандай жылыштарды айта албайбыз. 

-- Шаардык кеңешке шайлоодо кайра эле мурдагы көрүнүш кайталангандай болуп калды го. “Реформа” партиясынын шайлоо боюнча пикири кандай болууда?

-- Бишкек шаардык шайлоого жалпысынан 104 миңге жакын адам катышканы боюнча маалымат беришти. Чындыгында шаар ичине эң активдүү үгүт жүргүзгөн “Реформа” партиясы болду. Биз эл аралаганда 20%га жакын катмар колдоп, калганы “шайлоого барбайбыз” деген пикирлерин айтып жатышты. Бизге 5600дөй шайлоочу добуш берди. Чындыгында өз эрки менен шайлоого катышкан адамдардын саны 40-50 миңден ашкан жок. Калганы акчанын күчү менен келишти, б.а. аларды сатып алышты. Демек, сатылган добуштарды добуш катары эсептебеш керек эле. Бул тараптан дагы бийлик көзгө көрүнөрлүк иш кыла алган жок. Добуш сатып алганы билинген партиялар бар, эми алар шайлоодон четтетилеби, аны убакыт көрсөтөт. Негизинен мурдагы шайлоодо добуш сатып алган партиялар кайра эле бул шайлоого катышууга укук алышты. Бул – адилетсиздик. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер