Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жаңы оорудан адамдар каза болуп жатат

Жаңы оорудан адамдар каза болуп жатат

02-сентябрь, 11:39
1 773 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Индиядагы Уттар-Прадеш штатында акыркы аптада 68 адам белгисиз оорудан каза болду, алардын 40ы балдар, ал эми акыркы суткада 12 киши көз жумду. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Адамдын денесин калчылдатып, илдетке чалдыктарган вирустун азыр кантип, эмнеден келип чыкканы белгисиз экени айтылды. Жергиликтүү саламаттык сактоо министрлигинен ооругандардын эти ысып, суусап жана канда тромбоциттердин азайып кеткенин билдиришкен. Алардын бир бөлүгүнүн эти ысыгандан сырткары, башы, булчуңдары ооруп, жүрөгү айланып жана лимфа бездери чоңоюп кеткен.

“Бул аймактагы абал кооптуулук жаратууда. Саздак жер, антисанитария менен гигиеналык эрежелердин сакталбаганы аталган оорунун таралышына себепкер болууда” деген Times of India басылмасына медиктердин бири Маниш Асижа.

Бийлик нөшөрлөгөн жамгырдан өтө нымдуулук жаралып, андан кийинки катуу ысыктан аталган аймак чиркейлер аркылуу таралган оорулардын жугушуна абдан ыңгайлуу шарт түзүлгөнүн билдирген. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер