Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Насирдин Исановдун арбагы ыраазы болбой, элибиз жыргабайт

Насирдин Исановдун арбагы ыраазы болбой, элибиз жыргабайт

23-февраль, 13:41
818 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ааламдан келген башка көктөн түшкөн мээ ширелип, дүйнөлүк ченемдеги шылуундуктун айкындалышы


Президент баш болуп элибиз туңгуюкка кептелип турганда, 1991-жылдан бери  алданып, тонолуп  келгенибизди, ашынган ачкөздүктү ашкерелеп, жемкорлук ооруну кыргыз элибизге кимдер жугузганын, кимдер жашырып келгенин ачуу болсо дагы эч бурмалабастан айкындап – аруулантып тазаланууга Жараткандын астында ата конушубуздагы кадырлуу мекендештердин тараза-элегине коюу милдетим, парзым. “Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат”, “Кыңыр иш кылым өтсө да билинет”. 

Кыргыз элибиздин калың катмарына кашкайган чындык жетип, туура баа  берилбесе, ашынган жемкорлук оорудан арылуубуз мүмкүн эмес. Алмуздактан бери көчмөн улуу кыргыз улутубуз эч качан ак сатпаган, ар-намыстуу калкыбыздын өзөгү дөөлөтүбүздөн арып, кайдыгерликке айланып, маңкурт болуп  бараткандыгыбыз өзгөчө  өкүндүрөт. Эркиндик алдык дегенден бери жумурай  журтубузга байма-бай көркөмдөлүп жайылткан жалган азгырык даңкка бөлөп  адаштырган кимдер? Эгемендүүлүгүбүздүн башатынан бери Кыргыз Республикасынын башындагы   Сооронбай Шариповичке чейинки   төрт президентпи? Отуздан ашык өкмөт башчыларыбы? Легендарлуу парламенттин төрагасы баш болгон депутаттарбы? Эки палаталуу парламенттин жети төрагасы баш болгон депутаттарбы? Же болбосо   бир палаталуу парламенттик башкарууну жетектеген тогуз төрагасы баш болгон  депутаттарбы? Деги баёо, ишенчээк элибизди ыдыратып, адаштырган кимдер?

Көз ирмемде отуз жылдай  убакыт өтүп, армандуу кылымга тете алданганыбызды кашектеп отурбай, сиздердин сыныңыздарга койдум, кадырлуу мекендештер!

1. “Азаттык” үналгысы залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата атайын конкурс жарыялап, мыкты деп тандалган “Элдин элеси” аттуу 2019-жылы жарык көргөн чыгармага жана маркумдун ж.б. чыгармаларына учурдагы элдин пикири:

“Азаттыктын” сынагынан өткөн “Элдин элеси” чыгармасы   эле эмес СССР мезгили 1970-жылдардан бери эле маркум гений жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары менен дүйнө жүзүнө кыргызды таанытып, өзгөрүүлөрдү алып келгени үчүн улуттун баатыры Манас атабызга теңеп, даңазалап келебиз туурабы, мекендештер!

2. Айланбаш көкмээ Арып-Бек Мелистин “чыркыраган чындыктын чыгын калпып  жаздым” деген экинчи жолу  басылып жарык көргөн “Унаис” Акыл Арман – Горе от ума” аттуу чыгармасында жазуучубузду ааламдан келген башка көктөн түшкөн мээ ширелип, генийлик чыгарманы камырдай жууруп, маркумду кылдай сууруп  актап койгон, бирок дүйнөлүк  ченемдеги   шылуундук азгырык жол менен ата конушубуздагы кутубуз Кумтөрдүн байлыгын, ал гана эмес Кеңеш өкмөтүнөн калган 1800 кг алтыныбызды алып кеткендиги толук далилденген. Акыйкат чындык ачуу, айкын болсо ак сөз, ынанбаска арга жок. Кыргыз уруусу атамзамандан бери эле акка ийилип, ыроолоп эч качан акты сатпай келген. “Күүнүн башы Камбаркан” сымал ашынган ачкөздүктүн башталышы деп айтууга болот.

3. Далил: 27-декабрь 2019-жылдагы №38 (652) “Жаңы Ордо” коомдук гезитинин редактору эки жолу Жогорку Кеңешке депутат, вице-спикер болгон 54 мыйзам долбоорунун автору Кубанычбек Исабеков менен маектешүүдөн кийин 1991-жылдан бери азыркы учурга чейин жогоруда көрсөтүлгөн бийлик башындагылардын мыйзамдуу баа бере албай   келишкендиктери, жаап-жашырып  Кумтөргө байланыштуу ыплас иштерге аралашкандарын айгиленейт, болбосо эмне үчүн өкмөттүн отуздан ашык башчылары эл алдына ачыкка чыгарбай келишкен?

4. Далил: “Агым” гезитинин №12 (483) 20-февраль 2007-жылдагы санында маркум Насирдин Исановдун жубайы Зина эженин маегинде атайылап кыянаттык менен өлтүрүлгөндүгү Чыңгыз Айтматовдун баласы Санжарбектин, А.Акаевдин, Бирштейндин түздөн-түз биргелешкен күнөөсү бар экендигин айгинелеп турат.  Буга эмне үчүн 30 жылдан бери мыйзамдуу баа берилбей келе жатат? Кыргыз элине жасалган оор кылмыш ушул жерде көмүлүп жатпайбы. 1991-жылдан бери КР башкы прокуратурасынын башына келген 13 прокурор эмне үчүн мыйзамга   ылайыктуу баа бере алган жок? Акылга сыйбаган иш. Уят эле.

5. Далил: Эгемендиктин башатында маркум Чыңгыз Айтматовдун  жазуучуларга бөлүнгөн милиондогон акчасын Алмазбек Шаршенович Атамбаевге карматып, иштеп турган заводдорду менчиктештирип, талкалап, сатып, жумушсуздукту  жаратуу   менен элибизге  базар экономикасын таңуулаганы эми билинип жатпайбы. Бийликке баардык кызмат ордун сатууга айландырган  ким эле? Акаев жубайы экөө эмес беле же бат эле унутуп калдыңарбы? Кызмат орун соода-сатыктын чордону болуп уланып келе жатпайбы же жалганбы? Соода жүргөн жерде ыйман бар беле? 

6. Пикир: Ата-эне тирүү туруп, баласы кайтыш болуу өтө оор кайгы. Ылайым эч кимдин башына келбесин. Жараткандын жазмышынан улук нерсе жок бул дүйнөдө. Миллиондогон жаш балдар-кыздарыбыз ата конушун таштап, көроокаттын айынан ар жерде темселеп жүргөндөрүн, канчасынын өлүгү  талаада, башка элде, башка жерде калганын ойлонуп көрдүңөр беле? Миңдеген ата-энелердин кайгы-муңу, көз жашы тыйыла элек. Ашынган ачкөздүктү элибизге таңуулап жугузгандарды Кудай жаратып, карапайым, азапка чөмүлгөн элдерди куурай жаратты беле? Баарыбызды бирдей  жараткандыгын  эстен чыгарбайлы, аттуу-баштуу аткаминерлер! Домоктун жазасын эртеби-кечпи күнөөлүүлөр   аларын Жараткан өзү билер. Тагдырга телчикпей тобо келтирип  туралычы, айланайындар! 30 жыл басып өткөн жолубузду келечек муундарыбыз үчүн тактап, аныктап алалычы, мекендештер! 

7. Пикир: Насирдин Исановдун Ата журт байлыгы үчүн шейит болгондугун  бийлик башындагылар официалдуу кароого тийиш, милдеттүү. Тергөө тармактары менен бирге атайын коомчулук жарандар менен бирге комиссия   түзүлүп, туура баа берилет деген ишенимдемин. Арбак ыраазы болбой, элибиз эч качан жыргабайт. Кыргыз элине кыянат чыккынчылык кылгандарды ачыкка чыгарып, арууланып, тазаланып, урпактарыбызга таза коом калтырууга жаш-карыбыз дебей ынтымак, биримдик менен чечкиндүү кадамдарга барышыбыз – учурдун талабы. Кыргыз элине кылынган чыккынчылык – кечирилбес кылмыш. Славян  өлкөлөрү кылмышкерлерди бекеринен киргизип албаган чыгар, уурдалган, тонолгондордун башында мүмкүн алар тургандыр? 

Жогоруда көрсөтүлгөн  далил пикирлер сиздердин ачык-айкын сыныңыздарда.


Республикалык коомдук-саясый “Жаңы Ордо” гезитинин 14-февраль 2020-жылы жарык көргөн санына чыккан макаламды эске салуу менен алданган жемкорлук, ашынган ачкөздүк оорудан арылуунун бирден-бир жолу урматтуу Сооранбай Шарипович, жоопкерчиликтүү президенттик   башкаруу команданы түзүп, баштары маң болуп турган адашкан элибиздин жүгүн моюнга алып, эл, улут ынтымагы, биримдиги менен зор ийгиликтерди жаратып, карыздын сормо сазынан чыксак болот. Азгырык даңкка бөлөп элибизди адаштырбай, Жараткан өзү буюрган бейиштин төрүндөй ата конуштагы элибиз – байлыгыбыз аман, курсагыбыз ток, кайгыбыз жок, жемкорлорго каршы баштаган ишти солгундатпай, токтотпой, майтарылбас эркибиз, чечкиндүү кадамдарыбыз аркылуу кыргыз эли татыктуу жашоого жетүүгө толук мүмкүнчүлүгүбүз бар.


Байтик ДӨӨЛӨТААЛЫ уулу (Давлеталиев)

Тел.: 0557-94-91-15; 0708-94-91-15           


P.S. Урматтуу мекендештер, сыналгыда ой-пикир алмашып, маектешүүгө  даярмын.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер