Акыркы кабарлар
» Саясат » Тынчтыкбек Жанадыл: “Жаштарга пайдалуу болуусун ойлоп, Илон Маск боюнча китепти кыргыз тилине котордук”
Тынчтыкбек Жанадыл: “Жаштарга пайдалуу болуусун ойлоп, Илон Маск боюнча китепти кыргыз тилине котордук”
10-июль, 14:31

Эшли Вэнстин “Илон Маск жана фантастикалык келечекти издөө” китеби кыргыз тилине которулду. Бул китепти кыргызчалаган “Ийгиликке кадамдар” коомдук бирикмесинин өкүлү Тынчтыкбек Жанадыл. Жаштарга жаңы ачылыш тартуулап, шыктанууга чакырган авторго ийгиликтерди каалайбыз. -- Тынчтыкбек, алгач өзүң тууралуу окурмандарга учкай кеп козгосоң?
-- Мен Каракол шаарындагы “Steps to Success”, кыргызгызча айтканда, “Ийгиликке кадамдар” коомдук бирикмесинде эмгектенем. Андан сырткары, котормочумун, англис тилинен кыргыз тилине котором. Өзүм Караколдо орто мектепти аяктагандан кийин борбор калаабыздагы кыргыз-орус Славян унивеситетин бүткөм. Бир жылдай Америкада билим алып келдим. Көп жылдан бери эл аралык уюмдарда эмгектенип келем. Биздин уюм үчүнчү ирет китепти кыргызчалап жатат. Бул Америка элчилигинин китеп которуу программасынын алкагында ишке ашууда.
-- Бул китептин жарыкка чыгышына эмне түрткү болду?
-- Технологиялардын, бизнестин өнүгүүсү үчүн ушул китепти котордук. Кыргыз окурмандарына пайдалуу болот деген ишеничтебиз. Анткени Илон Маск азыркы учурдагы дүйнөдөгү эң бай адамдардын, абдан таасирдүү ишкерлердин бири. Анын “SpaceX”, “Tesla” аттуу компаниялары бар. “Tesla” компаниясы – ири электр унааларын өндүрүүчү ишкана. Электр унаалары бизге абдан керек. Беш-он жыл аралыгында Кыргызстанда да абдан көп электр унаалары пайда болушу мүмкүн. Бензинди, күйүүчү майды колдонбой, электр кубаты менен заряддап жүрө берет. Мотору жок. Муну “дөңгөлөктүн үстүндөгү компьютер” деп да аташат.
Андан кийин “SpaceX” компаниясы космоско ракеталарын учуруп жатат. Керек болсо Россия, Кытай сыяктуу мамлекеттер менен атаандашып, космосто ийгиликтерин жаратууда. Жакында Марска экспедиция жөнөткөнү калды. Ал жакка миллиондук шаар курууга аракеттерин көрүп жатышат.
Бул киши негизи америкалык дагы эмес. Түштүк Африкада төрөлүп өскөн. Кийин ушундай ийгиликтердин жаратманына айланды. Ошон үчүн жаштарга пайдалуу болуусун ойлоп, таза ниет менен кыргызчаладык.
-- Окурмандарга кандай мотивация тартуулайт?
-- Окурмандардын китеп окууга кызыгуусу артат. Илон Маск кичинекей кезинде кандай китептерди окуганы жөнүндө баары жазылган. Бул да чоң мотивация берет. Андан тышкары, нөлдөн баштап чоң-чоң компияларды кантип куруп баштаса болору тууралуу да жазылган. Ал башынан абдан көп кыйынчылыктарды көргөн. Ошол кыйынчылыктарга сынбай, өзүнүн күчтүү мүнөзү аркылуу ийгиликтерди жаратты. Жашоодо канчалык кыйынчылык болсо да алдыга жылса болорун көргөзүп берди.
-- Жаштарга шык берген мындай иштер дагы кандайча уланат?
-- Алдыда дагы англис тилинен кыргыз тилине пайдалуу китептерди, бизнес технологияларга, билимге, инновацияларга умтулуучу китептерди которгонго аракет кылып, кыргыз тилинин өнүгүүсүнө да чоң салымдарды кошкубуз келет.
Жамиля Нурманбетова, "Азия Ньюс" гезити











