Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азимбек Бекназаров: “Акаев, Бакиевдин кылмыштары менен элдин эмне иши бар?”

Азимбек Бекназаров: “Акаев, Бакиевдин кылмыштары менен элдин эмне иши бар?”

25-декабрь, 16:20
1 665 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Азимбек агай, президенттик шайлоо менен референдумдун бир күндө болгонун сындагандар “азыркы парламенттин референдум өткөргөнгө укугу жок” дешүүдө. Буга не дейсиз?

-- Айрым кыргыз саясатчылары иш кылганды да, иш кылбаганды да көп сындайт, сын жакшы, ашкере болбосо. Алар сындай берсин, шайлоо, референдум экөө тең болгону турат. Болгону туура тандайлы...

-- Өмүрбек Текебаевдин “парламенттик системаны сактап калалы” дегенинен майнап чыгабы?

-- Бизде парламенттик система болгондо мен дагы айтат элем “сактап калалы” деп. Президенттик мыйзамсыз башкарууга ыңгайлашкан партиялык-мафиялык системадан элибиз 10 жыл тажабадыбы? Партиялык жабык тизмени шайлатуу парламенттик система эмес да. Конституцияны 2012-2015-жылдары бузбаш керек болчу. Ошондо элибиз парламенттик системаны көрүп, билип калат эле!

-- Уюштуруучулардын мыктылыгынан Садыр Жапаровдун эл менен жолугушуусуна эл селдей агылып келип жатабы же анын сыры башкадабы? 

-- Садыр Жапаров азыркы бийликтин талапкери, 2017-жылы Сооронбай Жээнбековго да эл ушундай топтолушкан... Экинчиден, ал эл үчүн күтүлбөгөн жерден талапкер болуп чыга келди. Ошон үчүн да аны менен жолуккан элге кызык болуп жатат.

-- Президенттик шайлоодо эл кимди тандаса жаңылбайт деп ойлойсуз?

-- Эл тандоону 2020-жылдын 8-13-октябрларында эле жасап койгон. Азыр формалдуу жагы гана калды.

-- Неге “Мадумаровду Көлгө киргизбейт экен” деген ушак чыгарып, элди удургутушту?

-- Бул дагы шайлоонун шойкомдуу саясатына кирет. Эптеп добуш алуу керек. Бирок элди бөлүп-жаруудан, жиктелүүдөн кимиси болбосун этият бололу.

-- Жапаров менен Мадумаров биригиши мүмкүнбү?

-- Садыр бирикчүлөр менен «биригип» бүттү окшойт. Жок дегенде Адахан ага оппонент болуп калышы керек. Күчтүү оппонент турбаса, Садыр баягы 2005- жылкы Бакиевдин кейпине келип, тез эле анын жолуна түшүп кетиши мүмкүн.

-- Садыр Жапаров талапкерлердин көпчүлүгүн кызматка тартабы?

-- Аны бир Кудай же Садыр иним өзү билет. Бирок, кызмат баарына жетпейт, талапкерлигин койбой соодалашып убада алгандар, же талапкерлигин алып коюшкан азаматтар, Садырга чоң кызмат кылып жаткандар о-уу канчоо дейсиң?! Анын баарына кызмат жетеби?..

-- Бу сапар “Кытайдын карызынан кутултам” деген талапкерлер элдин колдоосуна ээ болобу же бул ишке ашпаган убадабы?

-- Менин жеке пикирим боюнча, Кытайдын карызын ким алса, ким иштетсе ошолор төлөшсүн? “Кутултам” дегендердин акылы менен тажрыйбасы, эрки ошого жетеби? Мен “Кумтөрдү мамлекет үчүн иштетем” деген нечендеген талапкерлерди көргөм. Президент болгондон кийин башкача ырдап калышат.

-- “Үч жылда ишимден жыйынтык чыгара албасам камап салгыла” деген талапкерлер чыга баштады. Алардын сөзүнө ишенсек болобу?

-- Муну шайлоодогу популисттик сөз деп туралы. Үч жыл эмес, үч айдан кийин президентти камай турган дараметтүүлөр, сын айткандар анын айланасында калабы? Андайлар жок дегенде кызматтарынан «иштей албай койду» деген мотив менен айдалат! Анан аны ким камайт? Ошон үчүн мен көп жылдан бери «жок дегенде элдик курултайда президенттин ар жылдык аткарган иштери боюнча отчётун угуп, баа берип туралычы» деп 2010-жылкы Конституцияга киргизсем да, 10 жыл мыйзамды кабыл албай коюшпадыбы? Элдик курултай институту кирип, ал президенттин же кайсы бир бийликтин куралы болбой, жөн гана президенттин ишине баа бере тургандай ар жыл сайын өзгөчө маанилүү маселелер боюнча өтүүчү коомдук башталгычтагы, бирок чечими милдеттүү каралуучу уюм болсо, анан ишенсе болот?! Жаңы Конституцияны даярдап жаткандардын көбүнүн түшүнүгүндө элдик курултайды кайсы бир бийлиги бар институтка айланткысы келүүдө.

-- Баса, Садыр Жапаров эл менен болгон жолугушуусунда “эл кечирсе Акаев менен Бакиевди алып келем” деди. Буга кандай комментарий бересиз

-- Акаев, Бакиевдин кылмыштары менен элдин эмне иши бар?! Салык жана башка төлөбөгөн «коррупционерлерди кустурабыз» дегендер оболу Акаев менен Бакиевди кустурушпайбы? Ошондой эле убагында менин жетекчилигимдеги прокуратура органдары аларды толук кустура албай калган! Ошол иштер аягына чыгарылышы керек. Мисалы, Акаевди Кумтөр, башка кен байлыктарды Бирштейин аркылуу чет элдиктерге «сатканы» үчүн, колхоз-совхоз, завод-фабрикаларды жок кылганы үчүн кустурсун. Бабановдун «Азия моллунун» ордундагы «Инструментальщик» стадионун бекер бердиргени үчүн; 14 тонна Советтик Кыргызстандын алтынын Россиядан алып келбегени жана 2 тоннага жакын алтынды Бирштейндин самолёту менен Цюрихке чыгарып кеткени үчүн; сырткы карыздар үчүн кустурсун. Убагында бул жана башка фактылар боюнча кылмыш иштер козголгон. Бакиев жазасын сырттан болсо да соттолуп алды, бирок аны алып келип, түрмөгө киргизүү керек. Мени кызматтан кетирүү менен улам кийинки президенттер алардын кылмышын жашырып келишет. Садыр алардын жолун жолдобошу шарт, Жапыкеев экөө “кустуртабыз” дегендердин көбү ошолордун куйруктары! Элден мурда аларды Кыргызстанга алып келип, бүт кылмыштарын аягына чыгарып, анан соттотуп туруп, кааласаң кечирим бер. Бирок жазаларын толук ала элек качкын президенттерди дароо “элге салам” деп, өз ишин элибизге шылтаганы туура эмес!

-- Азимбек Анаркулович, неге “экс-президент” деген статусту алыш керек деген пикирдесиз?

-- Экс-президент институтунун биздикиндей түрү өзүн-өзү урматтап, сыйлаган укуктук өлкөлөрдө жок. «Президент жаман, кетсин» дейбиз да, ал кызматтан кеткенде элдин акчасынан гособеспечениеге алабыз? Алардын кайсы жасаган иштери үчүн мамлекеттин эсебинен багабыз?

Президенти, экси чоң-чоң мамлекеттик иш-чарада бири-бири менен сүйлөшмөк тургай, бирин-бири элдин көзүнчө шылдыңдашат?! Качкындары же түрмөдө жаткандары деле Кыргызстанды, кыргыздарды кээде шылдыңдап, кээде акылдуусунуп, адалсынып, колдоочу-жугундукорлору аркылуу аксынып, саясатка аралашып, уурдап кетишкен акчалары менен кайсы бир партия ээлери же туугандары аркылуу коомдук бөлүнүүнү, чыңалууну жаратып жатышат.

-- Айтмакчы, салык жашырып, кийин айыбы ачылып, мамлекетке 200 млн. сом төгүп бергенди ууру дейбизби же патриот дейбизби?

-- Азыр Кыргызстанда салык төлөбөгөнү, мыйзамсыз байыганы, башка бир кылмыш иш болсо деле, баарын «коррупционер», «ууру», аларды «кустуруп жатабыз» деген жеңил-желпи пиар кампания күч алды. Коррупция – бул кызматтык кылмыш болуп эсептелет. Ошол кызматтагы адам туруктуу өзү же башка адамдардын тобу менен мамлекетке же коомго атайылап оор зыян келтирсе коррупционер болот. Салыкты жашырса же өз убагында төлөбөсө, штрафы менен кошо төлөйт, ал коррупция же уурулук эмес. Өздөрү өз эрки менен төлөп жатса, “рахмат” дейли да. Мурда жашырып келгени боюнча “административдик чара” деген бар, ошону колдонушсун. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер