Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргыздын дагы бир кырааны жерге берилди

Кыргыздын дагы бир кырааны жерге берилди

23-июнь, 12:53
916 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мамлекеттик ишмер Болот Шерди (Болотбек Шерниязов) акыркы сапарга узатууга арналган митингде “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Болот Шерди "элдин руху болду, биз көрбөгөн, билбеген фундаментти курду" деп жазуучуларды, акындарды колдогонун, кыргыздын көкжалдыгын көрсөткөн "көкбөрүнү" улуттун рухуна айландырганын белгиледи.

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев "улутка, мекенге, маданиятка, саясатка кызмат кылуунун үлгүсүн көрсөтүп кетти" деди.

Болот Шер – Жогорку Кеңештин үч жолку депутаты, «Эркин Кыргызстан», «Ата Мекен» саясый партиясынын, "Ата Журт" саясый кыймылынын негиздөөчүлөрүнүн бири, "Көкбөрү" федерациясынын түзүүчүсү.

Болот Шер (Болотбек Шерниязов) 21-июнда 61 жашында оорудан каза болду. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына Өмүрбек Текебаев, Каныбек Иманлиев, Өмүрбек Бабанов, Элүүбай Отунчиев баштаган коомдук-саясый, маданий ишмерлер катышышты.

Маркумдун сөөгү бүгүн, 23-июнда өзүнүн керээзи боюнча Манас районундагы кичи мекени Чоң-Капка айылындагы көрүстөнгө коюлду.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер