Алия Шагиева: “Жашоомдогу кара сызыктар кетти...”
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева социалдык тармактын активүү катышуучусу. Ал коомчулукка сүрөтчү катары таанымал.
Жакында эле Алия Шагиева тууралуу жолдошу менен ажырашыптыр деген такталбаган маалымат тараган эле. Андан тышкары Алия Шагиеванын уяттуу сүрөттөрүн, видеолорун таратышып, Атамбаев камалганда эле коомчулукта чуу жаратышканы маалым. Бирок, Алия Шагиева бул маалыматтар боюнча бир да жолу үн каткан эмес. Болгону жеке баракчасы аркылуу ар түрдүү ой-толгоолору менен бөлүшүп келген.
Алия Шагиева кечээ күнү Инстаграмм баракчасына ички дүйнөсүндө болгон оор абалын баяндап, депрессия кабылганын айтып чыкты. Ошону менен бирге жолдошу менен эки ажырым жолго түштү деген маалыматтарды четке кагып, тескерисинче оор кырдаалдан алып чыкканы үчүн жолдошуна өзгөчө ыраазычылыгын айтып өттү.
Коомдогу ал тууралуу жазылган негативдерден кийин жашагысы келбегенин, жашоо ага кызыксыз көрүнүп калганын, баары бүткөндөй туюлганын жазган. Кайда болбосун баардыгы токтоп, өлүп калгандай сезилгенин, болгону денеси гана тирүү калганын жазган. “Мурда төрөт жана толгоо гана ушунчалык оор болоорун, андан башка оор нерсе болбойт деп ойлогом” дейт. Бирок, жаңылышыптырмын деп жазды. Жашоосундагы оор учурларды айтып, аягында “Жашоомдогу кара сызыктар кетти, эми мен жашоону башкача карайм...” деп жазып, жакындарына жана жолдошуна ыраазычылык билдирди.
Инстаграмм баракчасындагы өзү тарткан сүрөттөрүнүн бири.