Акыркы кабарлар
» Саясат » Нуржигит Кадырбековдун отставкасын талап кылышууда
Нуржигит Кадырбековдун отставкасын талап кылышууда
13-январь, 12:15
2 197 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Жарандык көзөмөл комитети маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбековдун отставкасын талап кылууда. Комитет Кадырбековдун билдирүүлөрү адамдын фундаменталдык укуктары жана эркиндиктерине шек келтирет деп эсептейт. Бул тууралуу “Клоп.кж” билдирди.
«Уят сөздөр артисттер жана маданият ишмерлерге карата репрессия жүргүзүүгө негиз болушу мүмкүн эмес. Анткени жашы жете элек балдардын адеп-ахлак тарбиясы алардын ата-энеси аткара турган иш, мамлекеттики эмес. Ар бир ата-эне өзүнүн жашы жете элек балдарына камкордук көрсөтүп, артисттердин көрсөтүүлөрүнө чектөө коюуга укуктуу. Буга бардык техникалык мүмкүнчүлүктөр бар» деп билдирди жарандык көзөмөл комитети Фейсбук баракчасында.
Мындан сырткары, комитет маданият, маалымат жана туризм министрлигин жоюуну сунуштады.