Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызстан менен Индия Бишкекте IT борборун ачууну макулдашты

Кыргызстан менен Индия Бишкекте IT борборун ачууну макулдашты

21-декабрь, 12:06
882 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстандын жана Индиянын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев менен Субраманьям Жайшанкар 19-декабрда Нью-Дели шаарында өткөн “Индия-Борбор Азия” диалогунун алкагында жолугушту.

Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө министрлер ар тараптуу Кыргызстан-Индия кызматташтыгын талкуулашты. Тараптар Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун “Индия-Борбор Азия” саммитинин алкагында 2022-жылдын январында Индияга боло турган иш сапарына даярдыкты да сүйлөштү.

Индия-Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелерди кызматташуунун жогорку деңгээлине көтөрүүгө кызыкдар экенин билдирди. Эки өлкөнүн дипломаттары Кыргызстан менен Индия быйыл бир катар эки тараптуу маанилүү иш-чараларды өткөрүүгө жетишкендигин белгилешти. Тараптар эки мамлекетте тең кыргыз-индус бизнес-форумдарын өткөрүү, Индиянын гранттык жардамы аркылуу биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча 200 миллион доллар өлчөмүндөгү кредит тууралуу макулдашууну тездетүү, анын ичинде Кыргызстандын университеттеринин биринин базасында Бишкекте билим берүү IT- борборун ачууну макулдашышты.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер