Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Марлен МАМАТАЛИЕВ, ЖК депутаты: “Биздин “Коопсуз шаар” долбоорунда кемчиликтер көп...”

Марлен МАМАТАЛИЕВ, ЖК депутаты: “Биздин “Коопсуз шаар” долбоорунда кемчиликтер көп...”

17-ноябрь, 16:52
520 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Марлен мырза, Грузияга барып, үлгү алчу тажрыйбаларын үйрөнүп кайтыпсыз...

-- Грузия акыркы убакта баардык мамиледе алдыга озуп чыкты. Иш сапар менен ал жакка барып, бирдиктүү операциялык борбор жана кайгуул полициясынын кызматтык тейлөөсү менен таанышып келдим. Депутат кесиптештер менен жолугуштум. Мекенге кайткандан соң, айрым алган тажрыйбаларды колдонуп, биздин өкмөткө сунуштарды киргизип, Жогорку Кеңеште маселе көтөргөнү турам. Биз толугу менен Грузиядан үлгү алып, алардын жолу менен кетсек болот. Мисалы, “Коопсуз шаар” долбоору боюнча айтсак, унаалардын тартип бузуусунан акча чогултуу эле эмес, мамлекетти коопсуз кылуу, камсыздоо максатында долбоорду иштетүү керек. Бизде, тилекке каршы, унаалардын эреже бузуусуна гана көңүл бурулуп, айыптар салынууда. Негизги  кылмышкерлердин, кооптуу адамдардын жүргөнү, адамдардын коопсуздугу каралган эмес.  

-- Дагы кандай өзгөчөлүктөрдү байкадыңыз?

-- Америкалык 911 дегендей эле ал жерде 112 системасы иштейт экен. Жаран акыбалын айтып чалат. Ал жерде отурган диспетчер өзү өрт өчүрүүчүгөбү, “тез жардамгабы”, милициягабы – кайда кайрылышты өзү чечет. Бирок, баары камерада каралып, баштан-аяк жумушту кандай алып барышы ачык жүргүзүлөт. Бизде болсо, тилекке каршы, бир гана эрежелерди бузгандарга айып пул салынып жатат. Ал жакта болсо баары комплекстүү. Алгач аэропорттон тартып эле мамлекетке кирип жаткан жарандар Интерполдо ж.б. издөөлөрдө жокпу, террористердин тизмесине киргенби, кирген эмеспи – баары текшерүүдөн башталат. Анан коомчулук көбүрөөк жүргөн жерлерге камераларды коюп, эл коопсуздугун карайт. Өлүмгө коркунуч келе турган учурлар болобу, массалык мушташуу болобу, баардык коомдук тартип бузуулар көзөмөлдөнөт. Биз “Коопсуз шаар” долбоорун акча чогултуу үчүн иштетпей, элдин коопсуз жашоосу үчүн иштетишибиз керек. 


Жамиля НУРМАНБЕТОВА

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер