Канат Садыков: “Улуттук университет үчүн ден соолугумду бердим”
Жусуп Баласагын атындагы КМУнун ректору менен маек.
-- Канат мырза, мындан үч жыл мурда президент Жээнбеков өзү келип, “улуттук университеттин рейтинги түшүп кетти, флагман болбой калды, аброюн көтөрүү керек” деп сын пикирин айтты эле, андан бери университетте эмнелер өзгөрдү?
-- Ал учурдан бери бир топ иштер жасалды. Үч жылдын ичинде биздин университеттин аброю, рейтинги көтөрүлдү. Эң эле эффективдүү көрсөткүч азыркы тенденцияларда эл аралык башка чоң окуу жайлар, анын ичинде университеттер менен кызматташтык, чогуу биргелешип илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, анан бир программа менен бакалавр болобу же магистратурада эки дипломго шайкеш келген багыттарды чогуу иштеп чыгуу, кызматташуу болуп эсептелет. Мына ушундай иштерди алпарууда буга чейин эле бир топ мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Эл аралык деңгээлде КМШ мамлекеттериндеги университеттер менен тыгыз иштейбиз деп мактансак болот. Мындан сырткары, Европа мамлекеттериндеги чоң окуу жайлар менен алакабыз күн санап кулачын жайып жатат. Алсак, Франциянын Пуатье шаарындагы Рене Декарт университети менен экономика жана башкаруу багыты боюнча эки университеттин бирдей түзүлгөн программаларынын негизинде эки жыл өзүбүздө окуган балдарды өздөрү келип француз тилинин, окуу жыйынтыктарынын деңгээлин текшерип туруп, Францияга келишимдин негизинде бекер окууларын улантууга мүмкүнчүлүктөр берилди. Жыйынтыгында өткөн жылдын аягында 7 бүтүрүүчүгө ал жактын делегациясы келип дипломдорун тапшырышты, биз да өзүбүздүкүн тапшырдык. Бул биринчи кадамдардын башталышы болгон. Азыркы учурда программаларыбыз кеңейүүдө. Мурда жалгыз эле экономика жана башкаруу багытында болсо, кийин эки тараптык диплом берүү боюнча француз тили кошулду. Ошол эле учурда 2019-жылы пандемия баштала элек учурда Кыргызстанга Түштүк Кореянын премьер-министри келген. Биздин улуттук университет жана Корея тарабынан тилди изилдөөгө жардам берген эл аралык ассоциациясы менен биргелешкен келишимдин негизинде лицензия алып, “Корей тили” деген атайын лингвистика багыты боюнча окууну ачканбыз. Үч университеттен 7 мугалим келип, кабыл алынган студенттерге сабак берип баштаган. Жакында эле ошол студенттердин баары өз билим көрсөткүчтөрүнө жараша Корея мамлекети тарабынан алды 800 доллар, арты 100 доллардан стипендияга ээ болушту, иштер кызуу жүрүп жатат.
-- Сөзүңүзгө аралжы, сиз айтып жаткан 2019-жылы Азия университеттер ассоциациясынын чогулушу болду эле. Ушуга кыскача токтоло кетсеңиз.
-- Бул ассоциация 2014-жылы Россиядагы Алтай мамлекеттик университети тарабынан түзүлүп, 11 мамлекеттеги 60тан ашык университеттердин башын бириктирген. Монголия, Кытай, Россиянын Сибирь тарабындагылар жана Орто Азиядагы Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан болуп. 2019-жылдын декабрь айына чейин дагы 44 университет кирип, жалпы жонунан 104кө жеткен. 5 жылдык юбилейге карата бул чогулушта улуттук университеттин ректору катары мага ишеним артып, ассоциациянын президенти кылып шайлашты. Бул эми ассоциацияга кирген 104 университеттин көпчүлүгү менен биргелешкен программаларда иштеп жүргөн жыйынтыктардын негизинде, өзгөчө тарыхчылар, археологдор, политологдор ж.б. гуманитардык тармактарда тыгыз байланыштын көрсөткүчүндө деп эсептесек болот.
-- МГУ менен КУУнун ортосундагы узак мезгилден бери өнөктөштүк боюнча эмне жаңылыктар бар?
-- МГУ биздин эң негизги тарыхий өнөктөштөрүбүздүн бири. Биз жакында бул университет менен жаңы деңгээлде ишти баштадык. Өзүбүздүн кафедра башчылары менен квалификацияны жогорулатуу маселеси боюнча сүйлөшүп, үч кафедра башчысы: журналистика, юридика жана география факультетинен барышты. Бул биздин университеттердин ичинен мурда түзгөн келишимдерибиз да бар болчу. Бирок, аларды активдештирүү үчүн ректораттын деңгээлинде эмес, иш алпаруучу кафедралардын негизинде кызматташтык, түздөн-түз байланыштар болсун үчүн жибердик.
-- Улуттук университетке кабыл алуу тенденциялары кандай болууда?
-- Биз бул боюнча прогноз кылып, акыркы эки жылдын ичиндеги азайып кетүү тенденциясын токтоттук. Бирден-бир себеби катары пандемияны айтсак болот. Сыртка, чет мамлекеттеги ЖОЖдорго өткөн студенттердин саны азайып, жергиликтүү ЖОЖдорго тандоолор күчөгөнү байкалууда. Айрыкча компьютердик технологиялар багытына, чет тилдер жагына да кызыгуулар көп. Бул жагынан алып караганда, “улуттук университет флагман болбой калды” деген тенденциялар реалдуу жашоого туура келбейт. Толук ишеним менен “биз туруктуу өнүгүү жолуна өттүк” деп айта алам.
-- Билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, адистерди даярдоо боюнча кандай иштер жүргүзүлүүдө?
-- Окутуучулардын сапаты, билим деңгээли жана окуу программанын мазмуну базар экономикасынын шартында канчалык деңгээлде жооп берет (?) деген маселеге такалат. Өзгөчө бюджеттик түрдө даярдап жаткан кээ бир факультеттерде 15 жыл мурун кандай болсо, ошол деңгээлде калып калганын байкасак болот. Мына ушул маселелерге көңүл буруп, өзүбүздүн стандарттарыбызды, жалпы дисциплиналардын тизмелерин, эмне сабак окулуп атканын, иш берүүчүлөрдүн пикири эске алындыбы же алынган жокпу деген маселелер талкууланды жана пландарыбызда иш берүүчүлөр талап кылган сабактарды киргизүүгө иш 3 жыл мурун башталган. Дагы бир-эки жылдан кийин азыркы турмушка жакыныраак адистер чыга баштайт деген ишенимдебиз. Албетте, баары эле оңолуп кетет дегенден алыспыз, “көч бара-бара түзөлөт” эмеспи.
-- Учурда өтө керектүү, жаштар талап кылып аткан багыттар боюнча кандай иштерди алдыга жылдыруудасыңар?
-- Бул жагына да көңүл бурулууда. Учурда Кытай университеттери менен бир топ кызматташтыктарды түзүүдөбүз. Өткөн жылдын аягында Кытайдын ортосунда жайгашкан Хынан провинциясындагы университет менен пикир алмашуунун жыйынтыгында эки университет биздин окуу жайдын базасында биргелешкен окуу жай ачтык, билим берүү программалары, илим изилдөө иштерин жүргүзүү жана кытай тили, маданиятын жайылтуу боюнча деп. Бул иштердин юридикалык жагы аяктады. Азыр 5 багыт боюнча биргелешкен окуу пландары даяр болду. 1. Компьютердик илимдер, программалар (бакалавр). 2. Санариптик бизнес. 3. Кытай тили. 4. Орус тили. 5. Экология. Мурун биздин студенттерди Кытайга жиберип окутуп аткан болсок, азыр окуу жайыбыздын базасында толук кандуу билим алат. Ошол эле учурда студенттер бир курс Кытайда окуп келишет. Демөөрчүлөр өздөрү.
-- Университетке инвестиция тартып келген учуруңуз болдубу?
-- Биздин өнөктөш университеттер инвесторлор болуп эсептелет. Бу жерде жеке мамилелер аркылуу Түштүк Кореянын Тэгу шаарында жайгашкан жеке менчик Кемён университетинин жетекчиси менен иш алпаруудабыз. Алар бизге кызыгып, жардам берүү ниети менен биринчи этапта 20 миң долларга өздөрүнүн окуу жайынын чечиминин негизинде берилсин дешти. Ал акчага журналистика факультетине тийешелүү камера, микрофон, жарык берүү ж.б. техникалык жабдыктарды алып бердик. Чындап айтканда, бул иштер өзүмдүн ректор менен жеке мамиле түзүлгөнүнө байланыштуу болду. Жакында эле алардын делегациясы келип кетти. Куру кол келбей 6 миң долларды компьютердик технологиялар боюнча окуп аткан студенттерге жана корей тилин үйрөнүп аткан 10 студентке стипендия катары таратып бердик.
-- Мурдагы 8-жатакана, азыркы окуу корпусунун ремонту көп жылдан бери бүтпөй, студенттерге билим алууга ыңгайсыз абал жаратып жатканына эмне дейсиз?
-- 8-жатакана окуу корпусу болуп иштетилип атканына бир топ эле жыл болуп калды. Экономика, бизнес жана башкаруу, анын ичинде дагы жергиликтүү бийлик кадрларын даярдоо факультети болуп эсептелет. Мурда жатакананын ичиндеги оңдотулуп жасалган аудиторияларды пайдаланып жүрүшкөн. Бирок, кыш мезгилинде терезелери, жылытуу системалары эскирип кеткенине байланыштуу бир топ маселелер жаралган. Бул имаратты биздин өнөктөшүбүз, “медицина факультетин ачабыз” деген Индиядагы Бхопал университетин башкарган бизнес-партнер “бизге берсеңер, оңдоп чыгабыз” деп, оңдоо-түзөө иштерин башташкан. Пандемия учурунда Индия өтө татаал кырдаалга туш келип, башталган иштер толук аягына чыкпай калды. Бирок, жылытуу системасы алмашылды. Сырты да бүттү. Ички жасалгалары гана калды. Бул багыт боюнча жакында атайын делегация келип, баардык маселе чечилет деп турабыз.
-- Беш жылдык мөөнөтүңүз аяктап бараткан экен, жаңы мөөнөткө шайлоого барасызбы?
-- Азырынча чечимим жок. Негизи мен шайлоого барбайт элем. Мага шайлоо эмес, “дайындоо” деген жагдай туура келет деген ойдомун. А ким дайындалат – ал башка маселе. Өзүмдү көтөрмөлөп, “менден башка киши жок” деп ойлобойм. Ректорлук кызмат министрлик тарабынан сунушталып, жогору жактан чечилиш керек деген ойдомун.
-- А эмнеге шайлоодон чочулагансып жатасыз?
-- Шайлоо этабынан өткөм. Каалайсызбы-каалабайсызбы, талапкерлердин саны болот. Ал талапкердин жактоочу электораты иштейт. Анын ичинде жердештери, туугандары, жакындары болбой койбойт. Өзгөчө жердештик жагы көп роль ойнойт экен. Канчалык акылман, тажрыйбалуу болбосун, “өзүбүздүн бала, өзүбүздүкү” деген жагдай күчөйт. Баары бир бирөө жеңет, кызматына келет. Ал эми бөлүнүп-жарылып, ажыраган коллективди башкарыш кыйынга турат. Менин тажрыйбамда коллективди кайра бириктирүү, баштапкы абалына келтирүү үчүн үч жылдай кетип калды. Мындай учурда өнүгүү эмес эле жамааттын ынтымагы үчүн алектенип калат экенсиң. Ушунун айынан ден соолугум жабыркап, жүрөгүмө операция жасашып, толук шунтирование кылып 4 тамырымды алмаштырууга туура келди. Эми азыр өзүмө келип, ишке шымалана киришейин деп атсам, кайра шайлоо болгону жатат. Эгер мыйзамда шайлоо бойдон кала берсе, анда өзүмдү талапкер катары коюу чоң маселе. Бул жагынан чечим кабыл ала элекмин.
-- Кечиресиз, башка мамлекеттерде бул жагы кандай жолго коюлган?
-- Биз “демократия” деп аябай үйрөнүп алганбыз. Туура эмес бир пикир бар, өзгөчө университеттерде “сөзсүз түрдө шайлоо болуш керек, анан кантип жогору жактан дайындоо болсун?” дешип. Башка жактагы көп университеттерди өзүбүз барып көрүп жатабыз. Ал жерде демөөрчүлөр эле чечип коёт экен. Каражат салган чакан топ, ошол окуу жайды башынан бери каржылап жаткандар кеңешип туруп бир кишини коёт. Анан ал адамдан жыйынтыктары боюнча отчетун алат. Отчет бере албай, жетишкендиктер болбой калса, анда башкасын коюп коёт. Эч кандай шайлоо жок.
-- Россиядачы?
-- Ал жерде шайлоо бар. Бирок, шайлоо болордо министрликтин алдында комиссия эки кишиге токтолот. Же болбосо, бир талапкерди убактылуу эки жылдан кем эмес ректорлукка апкелет. Кийин экинчи талапкерди кошуп, шайлоо өткөрөт.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити