Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ташкул Керексизовго мамлекеттик деңгээлдеги сыйлык берилип, айкели тургузулабы?

Ташкул Керексизовго мамлекеттик деңгээлдеги сыйлык берилип, айкели тургузулабы?

29-июль, 20:59
1 058 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Убагында “Рух Ордону” мамлекеттик жана коомдук ишмер, меценат Ташкул Керексизов курду эле. Бул ажайып жер Ысык-Көлдүн жээгинен орун алып, өзгөчө кооздугу, философияга жык толгон табышмактары, диндерге байланыштуу шөкөттөрү менен камтылган. Кудум жомок дүйнө сыяктуу чеберчиликте жасалганы суктандырып келет. “Рух Ордонун” кереметтери раматылык Ташкул акенин ой чабыты, чыгармачылык бийик деңгээли аркылуу ченелет. Мындай табылга өтө сейрек.

Аскар Акаевдин доорунан бери бул жерге президенттер, эл аралык жогорку даражалуу коноктор келишип, дээрлик мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралар өтүп келет. Байыркы доордун мурасы, кыргыздын сыймыктана турган өзгөчө архитектуралык ачылышы катары бааланууда. Даңазалоо менен айта турган кооздугубуз ушул. “Өлгөндөр баркталмайын тирүүлөр даңкталбайт” дейт. Анын сыңарындай, Ташкул Керексизовдун опол тоодой эмгегин баалап, көзү өтүп кетсе да мамлекеттик маанидеги сыйлык ыйгарып, “Рух Ордого” же Бишкек шаарынын Эркиндик багына айкелин тургузсак эмнеге болбосун? Бийлик эгелери ушул маанилүү вазыйпаны аткарышабы? Убакыт бар... 

Аныгында, Ташкул акенин эл үчүн жасаган башка эмгектери да арбын, кези келгенде бааланса керек. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер