Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эсен Рыспеков: «Криптовалюта менен батир алуу жакынкы жылдары кадимки көрүнүшкө айланат»

Эсен Рыспеков: «Криптовалюта менен батир алуу жакынкы жылдары кадимки көрүнүшкө айланат»

24-сентябрь, 20:02
1 805 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкектеги курулуш тармагында иш алып барган «Квартет» девелопердик компаниясы биринчилерден болуп батирлерди сатууну криптовалюта менен жүргүзө баштады. Компаниянын негиздөөчүсү Эсен Рыспеков Кыргызстандагы майнинг фермалар, алардын ишмердүүлүгү боюнча айтып берди. 

-- Бишкекте криптовалютага батир сатып алуу кандайча ишке ашат?

-- Криптовалюта – бул каржы тармагындагы инновация. Ал өнүккөн өлкөлөрдө пайда болуп, барган сайын каржылык кызмат көрсөтүүлөрдө чоң-чоң рынокторду багынтып жатат. Кыргызстанда деле майнинг компаниялар мурдатан бар, бирок ал туурасында көбү билчү эмес. Акыркы учурларда элдерде кызыгуу жаралып баштады. Чынын айтсам, мамлекет дагы мурда майнинг, криптовалюта деген эмне экенин түшүнчү эмес. Ал эми ошол учурда криптаны жакшы билгендер майнинг үчүн колдонуп калышты. Өзүңүздөр байкагандай, биз курулуш тармагындагы деволопердик бизнесте криптовалютаны кабыл алууга даярбыз. Угушума караганда, криптовалюта боюнча мыйзам дагы иштелип жатат. Төлөөнүн ушул ыкмасы менен көптөгөн адамдар алектенет. Алардын акчалары бар, бирок аны чыгара алышпайт. Ошондуктан кардарларга кыймылсыз мүлк, батир алууда биз криптовалюта менен сатып алуу мүмкүнчүлүгүн түзүп берүүдөбүз. 

-- Криптоинвесторлорду кайсы тармакка тартуу көбүрөөк пайдалуу?

-- Эгерде өлкөдөгү чакан ГЭСтерди өнүктүрүп, электр энергиясы арзаныраак болсо, көптөгөн инвесторлор ушул тармакка келет. Мисалы, жакында эле Кытайда майнинг фермаларга жана криптовалютага тыюу салынды. Ал эми Казакстан ушундай инвесторлорго жол ачып, аларга миллиарддаган суммага инвестор келди. Учурда Казакстан криптовалюта өндүргөн беш мамлекеттин катарына кошулду. 

-- Эмнеге биздеги майнерлер жашырынып, мыйзамсыз иш алып барышат?

-- Бул жерде эч кандай мыйзамсыз көрүнүш жок. Салык төлөөдөн качуу аракеттери бар. Криптовалюта өндүргөн көптөгөн майнинг компаниялар электр энергиясына акча төлөгөндөн, салык төгүүдөн акчаларын үнөмдөө максатында жашыруун иштеп жатышат. Айрыкча булар өндүрүш имараттарынын, ГЭСтердин жанында орношуп алып иш жасашат. Майнинг фермалар электр энергиясын ири көлөмдө сарпташат. Ал эми Кыргызстанда ансыз деле электр энергиясына таңкыстык жаралып жаткандыктан, мамлекеттик мекемелер буга башкача карашууда. Криптовалютанын түрлөрү көп. Маселен, криптаны чыгарган майнингдер бар, ошол эле учурда саткандар болот. Ал ортомчулар криптаны ар кайсы биржалардан сатып алып, кайра сатышат. Угушума караганда, көптөгөн саясатчылар, бай адамдар каражаттарын жашыруу максатында ушул жакка сала башташкан. Мисалы, башка мамлекеттерде криптовалютаны соода жүгүртүүдө колдоно башташты. Мунун түрлөрү көп, алардын бири стейблкоин деп коёт, ал баардык инфляцияларга туруштук берет. Бул жерде анын баасы канча болорун рынок аныктайт. Акыркы маалыматтар боюнча Сальвадор өлкөсү криптовалютаны өздөрүнүн каржы куралы катары колдонуп башташты. Көптөгөн мамлекеттер, компаниялар криптовалютаны киргизип жатышат. Жакынкы беш-он жылда бул биз үчүн кадимкидей эле көрүнүш болуп калат. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер