Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Качан оңолобуз, замандаш? Жердешчилик, тууганчылык “оорудан” арылабызбы?

Качан оңолобуз, замандаш? Жердешчилик, тууганчылык “оорудан” арылабызбы?

06-октябрь, 20:21
1 551 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстандын гүлдөп өсүшүнө көптөгөн мүмкүндүктөр бар. Бейиштин төрүндөй жер, Менделеевдин таблицасындагы химиялык элементтердин басымдуу бөлүгү бар. Биз Япониядагыдай дайыма жаратылыш кырсыктары болгон же Араб өлкөлөрүндөгүдөй чөлдүү аймакта эмес, Азиянын чок ортосунда, табияты кооз, суулары мол жана тунук, жер кыртышы мыкты чөлкөмдө жашайбыз. Ошого карабастан советтик доордо да, эгемендүүлүктүн жылдарында да ойдогудай өнүгө албадык. Ирегелеш Казакстан менен Өзбекстандан да ат чабым артта калдык. Алардагы унаа жолдорун, завод-фабрикаларын көрүп, алган айлыктарын, пенсия-пособиесин угуп көзүң күйөт.

Мына, үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрында КР Жогорку Кеңешине шайлоолор болгону турат. Бир мандаттуу жана партиялык тизме менен. Эгерде көз карандысыздыктын алгачкы жылдарында парламентибизде 350 депутат отурса, эми 90го кыскарганы турат. Бул бир жагынан туура. Өзүбүз кыйналып, “өлбө жаным, өлбө” деп күн кечирип жатсак, артыкбаш чыгымдардын кереги барбы?! 

Эми шайлоо жана депутаттар боюнча бир топ жекече ойлорум бар. Ошону ортого сала кетейин. Башка мамлекеттерде депутаттык орунга тажрыйбасы мол, элге таанылышкан, жашы 55тен өйдө болгон инсандар шайланышат экен. Бизде отуз жылдан бери бир ууч миллионерлердин балдары, куда-сөөктөрү, достору, тааныштары же бийликке жагынышкан амалпараздар, кошоматчылар гана шайланып келе жатышат. Кээ бирөөлөр кайсы район, кайсы облуста экенин билишпей же татаал терминдерге тили келбей булдуруктап уят болушканын теледен көрүп эле келе жатабыз. Айрымдары мыйзам жазганда акырындап өз кызыкчылыктарына буруп ийишет экен. Деги эле Жогороку Кеңеш кабыл алган кээ бир мыйзамдар иштебей кагазда эле калып жатышы – депутаттарыбыздын төмөнкү деңгээлде экенин тастыктап турбайбы.

Экранды карап отуруп жакаңды кармайсын! Айрым “кыйын” депутаттар министрлер кабинетинин башчысын “кызматыңан кет” деп келекелешкенин көрүп, “биздин депутаттардын маданияты, этикасы барбы же жокпу?” деп кыжалат болосуң. Менин ачык-айкын төмөнкүдөй сунуштарым бар:

1. Жогорку Кеңештин депутаттарынан кол тийбестик укугу алынып салынса. Эгерде таза иштеген депутат болсо муну колдойт.

2. Депутаттардын акысыз командировкалары, телефону, унаасы жана катчысы менен жардамчысы кыскартылса. Бишкекте турак-жайы бар депутаттарга квартира берилбесе. Алар да Европанын парламентерийлериндей, президенти менен министр же мэрлериндей коомдук транспортто жүрүшсө, карапайым калктын көйгөйлөрүн жакындан баамдашар эле.

3. Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоочулардын алдында квартал, жарым жыл жана жыл сайын наказдардын аткарылышы боюнча отчет берип турушса. 

4. Депутаттардын кадр тандоо жана жайгаштыруу маселесине киришүүсүнө тыюу салуу керек.

Акыркы мезгилде Кыргызстанда кадрларды тандоо боюнча бир аз жылыштар бар. Бирок дагы эле жердешчилик, тууганчылык деген “оорудан” арыла элекпиз. Мындан кийин райондук, облустук, шаардык деңгээлдеги кадрларды ротациялоону уланта берүү зарыл деп ойлойм. Баткендиктер Көлгө, нарындыктар Ошко барып иштеп көрүшсө кыйла пайдалуу болор эле. Муну бийликтин баардык бутактарындагы жетекчилерге кулак кагыш кылып айтууну эп көрдүм.


Паяз Кудайкулов, партиялык жана чарбалык ардагер, Кызыл-Кыя шаары 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер