Акыркы кабарлар
» Саясат » Эгемендүүлүк жылдардагы эң мыкты мэр – Иса Өмүркулов!
Эгемендүүлүк жылдардагы эң мыкты мэр – Иса Өмүркулов!
14-апрель, 16:46
653 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Адилеттүү сөз убактылуу басылып, буулганы менен акыры айтылат. Мезгил, тарых ак-караны ажыратып салат эмеспи. Биз кайсы бир мамлекеттик чиновниктердин иштерин салыштыруу менен бааласак болот. Албетте, реалдуулуктан тайбаш керек.
Маселен, Бишкек шаарын Иса Өмүркулов ийгиликтүү башкарганын кийин гана баам салуудабыз. 2010-жылдан соң туруктуулукту бузууга аракет жасаган күчтөр күнүгө, жума сайын митинг-пикеттерди уюштуруп турушту. Жер басып алгандар, улут аралык жаңжал чыгаргандар да жок эмес эле. Мына ошондой оор кезди жайгарууга бир канча айлар, жылдар кеткен. Иса мырзанын уюштуруучулук жөндөмү, элди башкаруу ыкмасы өзгөчө эле, кандай гана кырдаал жаралбасын, маданияттуу таризде жайгарчу. Ооба, башкалаада эки жылдай олку-солкулук уланып турду. Реванш алууга чыккандар, нааразычылык акция уюштургандар тынчыбайт эле. Акыры Бишкек шаарына, өлкөбүзгө туруктуулукту алып келүүгө чоң салым кошкону эсибизде.
Эң башкысы, Иса Өмүркулов мэр кезинде арзанчылык болчу. Экономикалык-социалдык абалды алсак, көңүл толорлук эле. Инвестиция тартылып, бизнеске шарт түзүлүп, өнүгүүнүн багытында баратканбыз. Сапаттуу жолдор, көпүрөлөр курулган, ушу күнгө чейин пайдаланып келебиз. (Азыркыдай бир кышта талкаланбайт эле). Ондогон мектептер, бала бакчалар салынган. Билим берүүгө, медицинага колдоолор жасалып, о.э. ар бир тармактан ырааттуу өнүгүүнү көрөт элек. Шаардыктардын муктаждыктарына жараша турмуш жакшырып, кадимкидей жеңил жашоону сезе баштаганбыз. Өсүп-өнүгүүгө жол чабылып, жаркын маанай, келечекке карай үмүт бар эле...
А азырчы? Теңирден тескери кеттик. Салыштыруудан уяласың. Үрпөңдөгөн, олдоксон бир мэр бар, ишке чоркок Айбек Жунушалиев аттуу. 2020-жылдагы төңкөрүштөн бери он чакты шаар башчылар келип кетишти, бирөөсүн да эстей албайсың. Ооба, отуз жылдан ашык убакыттан берки мезгилге саресеп салсак деле ушундай. Жалпы эгемендүүлүк жылдарына көз чаптырып, мэрлердин ишмердигине талдоо жүргүзсөң, сап башына Иса Өмүркуловдун чыгары шексиз. Аны биз убакыттын өтүшү менен баалап, жон терибиз менен сезип жатабыз...
Бөлүшүү:

"Азия Ньюс" гезити