Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улугбек Ормонов: “Баткенде үй буюмдары күйүп, малдары уурдалып, жапа чеккен адамдарга кенемте төлөнө элек”

Улугбек Ормонов: “Баткенде үй буюмдары күйүп, малдары уурдалып, жапа чеккен адамдарга кенемте төлөнө элек”

18-февраль, 19:00
613 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Улугбек Зулпукарович, Жогорку Кеңештин эки фракциясы Баткенде көчмө жыйын өткөрүп келди эле. Анын жыйынтыгы боюнча кандай иштер жасалууда?

-- Негизинен биздин демөөрчүлөрдүн жардамы менен социалдык объектилердин, жеке турак жайлардын курулушу чечилиптир. Бирок, үй буюмдары күйүп, малдары уурдалып, жапа чеккен адамдарга кенемте төлөнө элек экен. Ошондуктан, биз кенемтени мартка чейин төлөп берүү боюнча атайын токтом кабыл алып жатабыз. Андан тышкары, чек ара кызматынын жоокерлеринин маяналарын көбөйтүү, авиакаттамдарды арбытуу маселеси да токтомго киргизилүүдө. Бүгүнкү күндө Бишкек–Баткен да, Бишкек–Исфана каттамы да бир жолудан экен. Эл алардын санын эки эсеге көбөйтүүнү суранышты.

-- Март айына чейин саналуу эле күн калды. Эл койгон маселелер канчалык деңгээлде чечилет?

-- Кенемте төлөө – бул реалдуу. Себеби, өкмөт буга чейин өзүнүн чечимдерин даярдаган. Комиссия үйү күйгөн, мал-жандыгы уурдалган кишилер менен биргеликте даярдаган эсеп боюнча зыян 84 млн. сомду түзөт. Эмне үчүн төлөнбөй келгендигинин себебин да айтышты. “Ар бири менен макулдашып, кагаздарга кол койдуруп, тактоо көпкө созулду. Күзгө чейин ушу менен алектенип, бүткөн соң өкмөткө жибердик” дешти. Биз өкмөткө тапшырманы бердик. Мен ойлойм, маселе чечилет.

Ал эми авиакаттамдар боюнча айтсак, ал рейстерди аткарган жеке компания. Эгер самолет толбосо, компания чыгым тартып калышы мүмкүн. Ошондуктан, биз ал компанияларга жеңилдиктерди берип, авиакаттамдарды көбөйтүү боюнча да тапшырма бердик.

-- Былтыркы чек ара чыр-чатагында бир нече чек ара заставалары да жабыркаган болчу. Алар калыбына келтирилиптирби?

-- Ооба. Жогоруда айтканымдай, демөөрчүлөрдүн көмөгү, өкмөттүн өзүнүн аракети менен заставалар, социалдык объектилер калыбына келтирилген. Бир гана нерсе, Арка массивиндеги АЗСтерге эч кандай каражат бөлүнбөптүр. Эл ошого нааразычылык билдиришти. Өкмөт менен маселени талкуулаганда ал дагы айтылды. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер