Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нурлан Шакиев: “Трибунада кооз сүйлөп, бирок добуш бербей койгон болбойт”

Нурлан Шакиев: “Трибунада кооз сүйлөп, бирок добуш бербей койгон болбойт”

02-ноябрь, 18:59
393 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурлан Шакиев кесиптештерин айрым маселелер боюнча добуш берүүдөн баш тартпоого чакырды. Анын айтымында, депутат өз позициясын "макул" же "каршы" деп добуш берүү менен билдириши керек.

«Акыркы убакта кээ бир депутаттар трибунага чыгып кооз сүйлөп, бирок добуш берүү учурунда позициясын билдирбей, залдан чыгып кетип жатышат. Макул же каршы” деп добуш бериңиз. Биз жоопкерчиликти алышыбыз керек. Бизди шайлоочуларыбыз добуш бербестен жыйындан чыгып кетишсин деп шайлаган эмес. Андыктан депутаттык милдетти так аткарсак» деди Нурлан Шакиев.

Белгилей кетсек, Адахан Мадумаров, Чыңгыз Айдарбеков, Эрулан Кокулов жана Нуржигит Кадырбеков 31-октябрдагы эл аралык коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин жыйынынан Өзбекстан менен Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу боюнча келишимге жол бербөө үчүн чыгып кетишкен.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер