Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » 27-28-ноябрда “Коопсуз шаардын” жол боюндагы камералары убактылуу иштебейт

27-28-ноябрда “Коопсуз шаардын” жол боюндагы камералары убактылуу иштебейт

26-ноябрь, 12:08
894 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

27-28-ноябрда  Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун саммитинде кортеж өтүп жатканда "Коопсуз шаардын" камералары иштебейт. 

Баардык кесилиштерде инспекторлор нөөмөттө туруп, унаа кыймылын жөнгө салып турат. 

Жолдордо тыгын болушу күтүлөт, бирок айдоочуларга айыппул салбоого убада кылышат. 

Камералар ишке киргенден кийин, жол эрежелерин бузгандарга айыппул салына баштайт. 

Эске салсак, 27-28-ноябрь күндөрү Бишкек менен Чүй облусунун айрым көчөлөрү жабылып, жол кыймылына  чектөө киргизилет. 27-ноябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев келет, эртеси Кыргызстандын төрагалыгы менен Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун саммити өтөт.

Aryba.kg




Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер