Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » «Былтыр Ысык-Көлгө келген туристтер 2019-жылга салыштырмалуу 10%ды гана түздү»

«Былтыр Ысык-Көлгө келген туристтер 2019-жылга салыштырмалуу 10%ды гана түздү»

18-январь, 11:39
1 239 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев соңку жылдагы жана учурдагы көйгөйлөр менен бөлүшүп, алдыга болгон умтулуусу боюнча маек курду.

-- Пандемиядан улам туризм тармагы артка кетти. Эми аны жөндөп кетүү үчүн кандай иш-чаралар каралган?

-- Облус Кыргыз Республикасынын баардык аймактарындай эле коронавирус инфекциясынын кесепеттерин башынан өткөрүп, социалдык-экономикалык өнүгүү тармагында бир катар көйгөйлүү маселелер менен кездешти. Өткөн жылдын жайкы туристтик мезгилин өткөрүү жана экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруу максатында Кыргыз Республикасынын өкмөтүнөн 2020-жылдын 1-июнунан баштап туризм секторуна иштөөгө уруксат берилген. 

Эске салсак, эпидемиологиялык кырдаалдын кесепетинен жеке сектор ишмердүүлүк жүргүзүүдөн баш тартууга аргасыз болушкан. Облустагы 533 эс алуу объектилеринен 313 объект ишке кирип, 220 объект же 41%ы толук иштеген жок. 

2019-жылы облуска келген 1,2 миллион эс алуучулардан, 212,0 миң адам чет өлкөлүк туристтер болгон. 2020-жылы COVID-19 пандемиясынын кесепетинен облуста ички туризм гана орун алды. Үч ай ичинде башка облустардан келген туристтердин саны 109,0 миң адамга гана жетти. Бул көрсөткүч 2019-жылга салыштырмалуу 10%ды гана түздү.

Туризмди өнүктүрүү программасын ишке ашыруу үчүн облустук иш-чаралар планы кабыл алынып, иш аракеттер көрүлүүдө. Пландын негизинде облустук, райондук, шаардык туризмди өнүктүрүү кеңештери түзүлгөн. 

Региондук өнүктүрүү пландарды түзүүдө региондун өзгөчөлүктөрү жана кызыктыруучу жерлер, жергиликтүү табигый ресурстарды максималдуу пайдалануутуризмдин айылдык, экологиялык, тарыхый, элдик кол өнөрчүлүк, жол жээгиндеги инфратүзүмтарыхый-маданий объекттерди сактооэкологиялык коопсуздук жана башка багыттарга көңүл бурулат.

-- Көпчүлүктүн пикирине келсек, облусту колдоо фонддорунан түшкөн каражатты максатсыз пайдаланган (!) деген сындарды айтып келет. Бул жагы азыр кандай болууда?

-- Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-мартындагы №110 буйругуна ылайык, облустун аймагындагы калктын социалдык жактан аялуу катмарына гуманитардык жардам катары Ысык-Көлгө жалпы 267 тонна 600 кг ун бөлүнгөн. Аталган буйруктун 3 тиркемесине ылайык, ун облустун район, шаарларынын калкынын жана муктаждыкттарына ылайык бөлүнүп берилген, атай кетсек Ак-Суу районуна - 38,75 тонна; Балыкчы шаарына - 15,05 тонна; Каракол шаарына 30,95 тонна; Жети-Өгүз районуна - 62 тонна; Ысык-Көл районуна - 30,15 тонна; Тоң районуна - 34,45 тонна; Түп районуна - 56,25 тонна.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-апрелиндеги №128  буйругуна ылайык, облустун аймагындагы Каракол шаардык мэриясынын эсептик счетуна 8 миллион 120 миң сом жана Балыкчы шаардык мэриясынын эсептик счетуна 3 миллион 744 миң сом акча каражаты бөлүнүп, ал акча каражатына жеринде түзүлгөн комиссиянын чечимдерине жараша атайын азык-түлүк менен муктаж үй-бүлөлөргө таратылып берилген. (Бир үй-бүлөгө бериле турган 800 сомду түзгөн азык-түлүктүн тизмеси жана муктаж үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү боюнча бөлүштүрүүлөр жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдетинде жана алар жооптуу). 

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-майындагы №180 буйругуна ылайык, Ысык-Көл облусуна 250 тонна ун бөлүнүп, ал ыйгарым укуктуу өкүлдүн 2020-жылдын 22-майындагы №131 тескемеси менен облустун райондорунда жашап, гуманитардык жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн санына жараша райондорго бөлүнгөн, атай кетсем: Ак-Суу районуна - 52 тонна; Жети-Өгүз районуна - 60 тонна; Түп районуна – 50 тонна; Тоң районуна – 45 тонна; Ысык-Көл районуна - 43 тонна.

-- Өкмөттүн аймактарды өнүктүрүү боюнча тапшырмасынын негизинде эмне иш-пландар каралды?

-- Пандемияга байланыштуу өзгөчө кырдаалга карабастан 2020-жылдын 11 айында облус боюнча 24 жаӊы ишкана ачылып, 174 жаӊы жумуш орундары түзүлдү. Отчеттук мезгилде «Ишкердүүлүк субъектилерин каржылоо» программасынын алкагында облус боюнча 326 субъект 339,3 миллион сом өлчөмүндөгү жеӊилдетилген пайыздагы кредит алышты. Чечмелей кетсек, Ысык-Көл облусундагы “Кепилдик” фонду тарабынан 2020-жыл башталгандан бери жалпы суммасы 174,0 миллион сомду түзгөн 137 кепилдик берилип, анын натыйжасында ишкерлер 549,0 миллион сом өлчөмүндөгү кредит алышкан, “Ысык-Көлдү өнүктүрүү” фондусу тарабынан бюджет түзүүчү ишканаларды ачууга 2021-жылга 103,2 миллион сом планга коюлуп, 94,5 миллион сом өздөштүрүлгөн. 2020-жылы республикалык бюджеттин эсебинен 1 мектептин спорт залы, 1 таза суу системасы курулуп, ишке берилди, 2 оорукананын капиталдык оӊдоо иштери  жасалды, “Ысык-Көлдү өнүктүрүү” фондусунун эсебинен 1 мектеп, 4 кичи футбол аянтчасы, 1 ҮБДТ, 1 маданият үйү ишке берилди. Облус боюнча республикалык маанидеги жолдордун 15 чакырым жолу (ар бир райондо 3 чакырым жол) жана 1 көпүрө (Барскоон-Ак-Шыйрак); жергиликтүү маанидеги 2-3 чакырым (Каракол шаарынын Абдрахманов атындагы автожолу, “Кашка-Суу”, “Восход” кичирайондорунун жолдору) жана Тоӊ районунун Бөкөнбаев айылында 440 метр жолдору “Ысык-Көлдү өнүктүрүү” фондусунун каржылоосу менен асфальтталып жасалды.

2020-жылдын жаз айында өлкөнүн аймагына киргизилген өзгөчө кырдаал жана кээ бир аймактарда уланган өзгөчө абал облустун экономикалык ишмердүүлүгүнүн  дээрлик 80 пайыздан ашыгынын 2 айга токтошуна алып келди. Жыл ичинде облустагы экономикалык процесс катаал чектөөлөрдүн жана стандарттык эмес жагдайлардын шарттарында жүрдү. Учурда негизги социалдык маанидеги азык-түлүктөргө болгон баалардын өсүүсү байкалууда (эт, суу май, кумшекер, макарон азыктары, жумуртка). 

Жогоруда айтылган кыйынчылыктарга карабастан, 2020-жылы Ысык-Көл облусунда калктын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыздоого багытталган бир катар ири иш-чаралар жүргүзүлдү. Атап айтсак, учурда облустун өнөр жай тармагына ири инвестициялардын салынып жаткандыгына күбө болуп жатабыз. Балыкчы жана Каракол шаарларында этти кайра иштетүүчү ишканалардын курулушу жүрүүдө. Балыкчы шаарында «Тойбосс» маркасындагы «Агро-Куш» субъектисине таандык тоок продукциясын чыгаруучу инкубатордун жана канаттууларды союучу жайдын курулушу жүрүүдө. Тоӊ районунда кургак курулуш материалдарын чыгаруучу заводдун курулушу улантылууда. Мындай ири курулуштардын болуусу облустагы инвестициялык жагымдуу климаттын сакталып калышы жана республиканын аймагындагы каржы институттарынын (“Орус-Кыргыз” фонду, “Ысык-Көлдү өнүктүрүү” фонду, “Кепилдик” фондусу ж.б.) бизнести максаттуу каржылоо иштеринин натыйжасында камсыздалууда. 

2020-жылдын 11 айынын жыйынтыгы менен өнөр жай тармагында Кумтөр алтын өндүрүү ишканасынын продукциясынын көлөмүн жана электр түйүндөрүн эсепке албаганда 104,0 пайыздык өсүү камсыздалды. Айыл чарба тармагындагы өсүү отчеттук мезгилде 101,5 пайызды түздү. 

Экономикадагы негизги төмөндөө соода жана кызмат көрсөтүү тармактарында орун алган. Отчеттук мезгилде чекене сооданын жүгүртүлүшү 21,7 пайызга, мейманкана жана ресторандар кызматы 72,4 пайызга, кызмат көрсөтүүнүн көлөмү 22,2 пайызга төмөндөгөн. Негизги капиталга инвестициянын 15,6 миллиард сому өздөштүрүлүп, 2019-жылдын отчеттук мезгилине салыштырмалуу 11,7 пайызга азайган. Төмөндөөнүн негизги себептери болуп коронавирус инфекциясынын тийгизген түз жана кыйыр таасирлери саналат.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер