Жети талапкер президенттик шайлоого аттанаары белгилүү болду

“Кыргызстан” партиясынын лидери Канатбек Исаев жана саясат талдоочу Бакыт Бакетаев президенттикке талапкер болуш үчүн борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз беришти. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.
Бүгүнкү арыз тапшыргандар менен президенттик жарышка катышууга расмий кайрылгандардын саны жетиге жетти. Буга чейин БШКга президенттикке талапкер болуш үчүн Бектур Асанов, Назарбек Нышанов, Кубан Чороев, Арстанбек Абдылдаев жана Адахан Мадумаров расмий арыз тапшырган.
Жогорку Кеңештин төрагасы Канатбек Исаев 4-ноябрдагы парламенттин жыйынында билдирүү жасап, алдыдагы президенттик шайлоого «Кыргызстан» партиясынын атынан талапкерлиги көрсөтүлүп жаткандыктан, бул кызматын тапшырып берүүнү чечкенин маалымдаган.
Кыргызстанда 4-октябрда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгына нааразы болгон он чакты саясый партия 5-октябрда Бишкекте митинг өткөргөн. Митинг башаламандыкка айланып, кийин бул окуя бийликтин алмашуусуна алып келген. Азыр президенттин милдетин башаламандык убагында тарапкерлери түрмөдөн бошотуп алган премьер-министр Садыр Жапаров аткарып жатат.
"Азия Ньюс" гезити