Уурдалган малды союп, этин саткан кылмыштуу топто аял да бар
Талаада оттоп жүргөн бодо малды айдап кетип, караңгыда талаага алып барып союп, этин сатып жүргөн шектүү топ кармалды.
Бул топ Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынан бодо малдарды уурдап, талаага алып барып союп, этин сатып жүргөн деп шектелди.
Ушул жылдын июнь айынан бери Кадамжай РИИБге жергиликтүү тургундар милицияга кайрылып келишкен. Алар бодо малдарын түн ичинде мал сарайынан, үлүш жеринде байланып турган жеринен белгисиз адамдар уурдап кетип жатканын билдиришкен. Бул фактыларды иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектелип Кызыл-Кыя шаарынын 27 жаштагы тургуну П.К., Ноокат районунун 31 жаштагы тургуну И.Ш. (аял киши), Үч-Коргон айылынын 27 жаштагы тургуну А.Н. Кызыл-Кыя шаарынан колго түштү. Ал эми Үч-Коргон айылынын 27 жаштагы тургуну Н.О. Бишкек шаарынан кармалды.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө бул топ Үч-Коргондон 10 баш бодо малды уурдап, Кызыл-Кыя шаарындагы ээн талаага алып барып, аларды мыкаачылык менен союп, этин эт саткан дүкөндөргө, ашканаларга өткөрүп жүрүшкөндүгү аныкталды.
Учурда кармалгандар убактылуу кармоо жайына киргизилип, иликтөө иштери башталды.
Aryba.kg