Буркановго Өзгөн РИИБ начальниги Айылчы тил кайрып атса, абал чатак го?

Ушул эргулга келгенде, эмне деп жазарыңды билбейсиң эй! Ноутбук алдында отуруп, чайналып да кетесиң. Союз убагы болгондо, мындай “ачендикти” бир күн да Ош ОИИБге отургузмак эмес. Агасы Арзыбек Бурканов олиграх, казино иштетет, дээрлик чүйгүн бизнестерге отуруп алган, убагында президенттин үйүндө майкачан жүргөнү менен мактанып, ооз көптүргөнү саясый элитада кепке айланганычы? Иниси Нурланбек Буркановду Ош ОИИБ башчылыгына коюп койсо, үмүткө суу сээп, иштей албай мукурап калганы кандай? Өздүк курам тоготпой, чекесинен баш бербей атканычы? Маселен, Өзгөн РИИБ начальниги Айылчы Мырзамамытов моюн бербей, тил кайрып, тоготпой атканы эмнеси? Бул эргул аксылык досу Нурлан Шакиевге таянып алып, чыйт түкүрүп, башчысына баш бербей жатканын айтышууда. Азыртан кер-мурга барышса, эртең балжа-булжа мушташа кетишсе кантебиз ыя? Андыктан, экөөнү тең жазалап, алы жете турган жумуштарга айдап ийсечи? Камчыбек Ташиев “эч кимдин жакынына карабайбыз, баарын жазалайбыз...” деди эле. Анын сыңарындай, Арзыбек Буркановдун иниси эмне машаяк болуп кетиптирби?..
"Азия Ньюс" гезити