Эмил Жамгырчиев элдин бетин кантип карайт?

Буга чейин коомчулукка кабарлангандай, экс-депутат Эмил Жамгырчиев Америкадагы Тилекмат Кудайберген уулун Дубайга чакырып, “бийликке каршы сүйлөшүү жүргүзүүнү амалданымыш этип”, акыры жасалма сценарийи ачыкталды го? Азыркы учурда эч нерсени жашыра албайсың. Эмил менен жолуккандан кийин Тилекматтын паспорту жоголуп, ал БАЭден кете албай, акыры кармалып, Кыргызстанга жеткирилди. Мындан аркысын тергөө жана сот иштери териштирсе керек. Биздин баам сала турганыбыз башка. Аныгында Эмил Жамгырчиев жашыруун түрдө атайын кызматка иштесе, натыйжада, эмне пайда тапты? Мурдагы кылмыш иштерин жаптырып алуу үчүн “соодалашканбы”, же дагы кандай “фокустары” бар эле? Реалдуулуктан алганда, ага эми эч ким ишенбей калабы? Элдин бетин кантип карайт? Балдарынын астында ушинтип терс кесепет жаратып отурса, кийин актанганы жарашабы? Айтор, олуттуу суроолор арбын. “Бетке чиркөө” дечү эле...
"Азия Ньюс" гезити