Акыркы кабарлар
» Коом » 40 пайызы “өлкөдө жарандык укуктар корголбойт” деп эсептейт
40 пайызы “өлкөдө жарандык укуктар корголбойт” деп эсептейт
15-декабрь, 18:57


Кыргызстандагы жарандардын айрымдары Акыйкатчы институту жана анын ишмердиги жөнүндө билишпейт. Бул тууралуу «Ачык коом – ачык ЖМК» аттуу Евросоюздун долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгында айтылган.
Сурамжылоого 3 миң жаран катышкан. Алардын 36 пайызы Акыйкатчы институту жөнүндө маалыматы жоктугун белгилеген. 40 пайызы алардын билим алуу жана медициналык жардам көрсөтүүгө укуктары сакталбай жатканын белгилешкен. 18 пайызы мамлекеттик органдардан маалымат алууга мүмкүн эместигин айтышкан.










