Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кызым башка улуттагы күйөөсүнөн көп таяк жейт. Эртеңи эмне болот?

Кызым башка улуттагы күйөөсүнөн көп таяк жейт. Эртеңи эмне болот?

07-март, 17:20
972 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

     Кызыбыз 26 жашта. Ал биздин кеч төрөлгөн жалгыз перзентибиз. Жолдошум экөөбүз “кызым дайыма жаныбызда болсун” деп, өзүбүз жашаган үйдөн алыс эмес ага өзүнчө батир сатып алып бергенбиз. Кызыбыз университетти ийгиликтүү бүтүрүп, азыр иштеп жатат.

     Ишинде ал өзүнөн башка улуттагы, андан тогуз жаш улуу жигит менен таанышыптыр. Ал жигит мага биринчи көргөндө эле жаккан эмес. Себеби, ал ачык эле: «Үй-бүлөдө аялдын добушу жогору чыкпаш керек, баарын эркек чечет» деген. Бирок кызым аны абдан жакшы көрөрүн, анын мындай көз караштары өзүнө тоскоол болбой турганын айтты. Көп өтпөй ал адам менен чогуу жашай баштады.

Бир күнү түн ортосунда кызым мага чалып калды. Үнү алсырап, өзүн аябай жаман сезип жатканын билдирди. Дене табы көтөрүлүп, кусуп жатканын айтты.  

     Барсак, кызым грипп болуп ооруп жатыптыр. Бирок бизди андан да катуу чочуткан нерсе анын бетиндеги көгала болду. Көрсө, ошол күнү анын күйөөсү түнкү клубга барганы жатыптыр. Кызым нааразы болгондо, ал аны уруп жиберген экен. Жолдошум муну укканда аябай ачууланды. 

Ал эми мен кызымдан сурадым:

     -- Ушундай мамиле канааттандырабы?

     -- Өзүм күнөөлүмүн. Мен аны ачуулантып алдым деп жооп берди.

     Убакыт өтүп, мындай окуялар көп кайталанчу болду. Бул кандай сүйүү? Жолдошум болсо муну сүйүү эмес, көз карандылык катары баалады. Мен болсо эмне кыларымды билбей турам. Эки күндүн биринде чыр чатактан чыкпаган кызым үчүн жүрөгүм ооруйт. Бирок бир нерсени түшүнүп турам, кызым аны таштабайт. Ал күйөөсү да кызымды кетирбейт. Кандай кылаарыбызды билбей калдык.


Анара

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер