Максат Чакиев: “Көчмөндөр оюндарынын концепциясын өзгөртүп салышыптыр”

29-сентябрдан 2-октябрга чейин Түркиянын Изник шаарында IV дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары өтөт. Бул тууралуу Түркиянын жаштар жана спорт министри Мехмет Мухарем Касапоглу кабарлаган. Иш-чарага жүздөн ашуун өлкөдөн үч миңдей спортчу катышары айтылууда.
-- Көчмөндөр оюндары Түркияда уланганы турат. Биз күткөндөй көч уланып кетеби?
-- Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары – бул Кыргызстандын ири долбоору. Көчмөндөр оюндары 2014-2018-жылдар аралыгында жыл сайын Кыргызстанда өтүп келген. Кийин эстафета Түркияга берилген. 2020-2021-жылдары Көчмөндөр оюндары COVID-19 пандемиясынан улам убактылуу жылдырылган. Көчмөндөр оюндары кандай өтөрүн азырынча айтуу эрте. Анын өз концепциясы, программасы бар эле, бирок программасына көп өзгөрүүлөр кирип кетиптир. Алар да өздөрүнө ыңгайлаштырып, өз көз караштарына тууралап жасап жатышкандыр. Бирок эң негизги кемчилиги – ошол өзгөрүүлөрдү кыргыз эли, биздин уюштуруучулар талап кылышы керек эле. Ага канча деген улуттук оюндарыбыз киргизилген. Ошолордун баары өткөрүлүшү керек.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити