Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Балбак Түлөбаев: “Мыйзам көп, адам чарчайт, алмаштырып айтып алат...”

Балбак Түлөбаев: “Мыйзам көп, адам чарчайт, алмаштырып айтып алат...”

29-апрель, 19:00
385 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Балбак мырза, конституциялык мыйзамдар комитетинин жыйынында  кесиптешиңиз Марлен Маматалиев сизден Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү мыйзамга “парламент республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча министрлер кабинетинин отчетун укпайт” деген жобону киргизүү боюнча сунуш түшкөнүн билдирип, бирок кийин ал сунуш сизден эмес, Акылбек Түмөнбаевден түшкөнүн тактап кетти. Комитетте ошондой сунуш айтылды беле?

-- Ал жерде мындай болгон да. Регламентке өзгөртүү киргизилип жатпайбы. Максат – азыркы регламентти Конституцияга шайкеш келтирүү. Биздин эң башкы мыйзамыбыз – бул Конституция. Бирок, регламентте кээ бир нерселер түшүп калыптыр. Мисалы, “Кыргыз Республикасынын бюджети, эсеп палатасы отчет берет” деген сөздөр түшүп калыптыр. Бир жерде “министрлер кабинети 15-майга чейин берет” деп жазылып турат. Дагы бир жерде “1-майга чейин берет” деп жүрөт. Дагы бир жерде датасы көрсөтүлгөн эмес. Анан биз өзүбүздүн сунушубузду бергенбиз. Регламент өтө көлөмдүү да. 45 депутат сунуштарын бериптир. Анан Марлен Абдырахманович кичине адашып алды окшойт да.

-- Демек, “Жогорку Кеңеш өкмөттүн отчетун укпайт” деген сунуш жок да?

-- Андай жок! Өзүңүз ойлоп көрсөңүз, кантип ошондой болсун! Жогорку Кеңеш өкмөттүн отчетун кантип укпасын?

-- Кийин өзүнөн сурап көрдүңүзбү? Өзү эмне деди?

-- “Адашып алдым” деп айтты. Болушу мүмкүн да. Азыр орозо маалы. Мыйзам көп, ар кандай сунуштар түшкөн. Адам чарчайт, алмаштырып айтып алат. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер