Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кубатбек Байболов, коомдук ишмер: “Бир кылмышка көз жумуп, экинчисин ашкерелеген өлкөдө стабилдүүлүк болбойт”

Кубатбек Байболов, коомдук ишмер: “Бир кылмышка көз жумуп, экинчисин ашкерелеген өлкөдө стабилдүүлүк болбойт”

22-март, 17:30
5 084 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Президент “камабасаңар Курманбек Бакиев менен Сапар Исаковду өткөрүп берели” деген маселе көтөрүлүп жатканын айтты. Чындап эле ячейкадагы акча, алтындарды кимдер алганын айтып бериш үчүн Бакиевди, тарых музейи жана ТЭЦти модернизациялоо боюнча кеткен каражаттын бөлүштүргөнүн билүү үчүн Сапар Исаковду алып келсек, алардын оңой акталышына жол ачылып калбайбы?

-- Мамлекеттеги саясый абал, туруктуулук, мыйзамды, адам укугун калыбына келтирүүдөн жабыркай турган болсо, анда ал өлкөнүн акыбалы көптөгөн башка жагдайларга байланыштуу тобокел экендигинен кабар берет.

Баса, өткөндө Темирлан Султанбековго байланыштуу бир интервьюсунда Садыр Жапаров «башка өлкөлөр ички иштерибизге кийлигишпесин» дебеди беле? Демек, Курманбек Бакиевдин иши боюнча да биздин гана мыйзамдар колдонулуусу зарыл. Бирок бул резонанстуу иштин тегерегинде күмөндүү жагдайлар бар экенин моюнга алуу керек. Маселен, «Курманбек Бакиев бийлигин аша чаап колдонуп, кесепетинде адам өмүрүнө залал келтирилди» деп айыпталганы менен, аны ал аракетке түрткөн себептер көз жаздымда калганы жалганбы? Айтайын дегеним, бир кылмышка көз жумуп, экинчисин ашкерелеген өлкөдө стабилдүүлүк эч качан болбойт.    


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер