Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Элдик инсан Эмилбек Узакбаев

Элдик инсан Эмилбек Узакбаев

02-ноябрь, 20:57
625 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстан эгемендикке ээ болгон учурдан бери 34 жыл өттү. Ушул жылдардын ичинде элибиз эмне деген гана оомал-төкмөл күндөрдү башынан кечирбеди. Мына ошондой кыйын кыйчалышта эл ичинен караңгыда жол издегендей болуп жаңы, жаш саясатчылардын бир чоң когортасы түзүлдү. Айтсак, Абдыганы Эркебаев, Кубанычбек Жумалиев, Осмонакун Ибраимов, Бекболот Талгарбеков, Жантөрө Сатыбалдиев сыяктуу азыркы тиш каккан чоң саясатчылардын саясый өмүр таржымалы эгемендик эйфориясы менен туташ биримдикте башталган. Алардын катары калың, санасаң көп убакыт кетет. 

Ошол жаңы когортанын катарында белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, жаркын инсан Эмилбек Узакбаев да бар. Быйылкы жылдын сентябрь-октябрь айларында анын 70 жылдыгына карата Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде жана К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетте эл аралык илимий-практикалык конференциялар өткөрүлдү. Ал конференцияларга биздин өкүлдөр менен катар Өзбекстандан да белгилүү окумуштуулар докладдар менен катышышты.

Кыргыздын кыйырына таанымал Узакбаев Сузак районунун Көк-Арт өрөөнүндөгү Карачолок айылында 1955-жылы жарык дүйнөгө келген, теги кыргыздын байыркы урууларынын бири болгон Басыздын Камандарынан, Камандан Карачолок. Айылынын аты да ошол Камандын уулдарынын бири Кадырбектин (бир буту чолок болгондуктан Карачолок аталып калган аталарынын) атынан аталган.

Эмилбек Узакбаев карапайым бүлөдө төрөлүп, бала күнүнөн чыйрак болгон. 1976-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун айыл чарбасын механизациялоо факультетинде окуусун аяктап, жогорку билимге ээ болуп, инженер-механик адистигин алган. Эмгек жолун Кыргыз ССРинин айыл чарба техникалары боюнча мамлекеттик комитети өндүрүштүк бирикмесинин материалдык-техникалык камсыздоо башкармалыгынын улук инженери кызматынан баштаган. Анда 1996-жылга чейин механизация жана МТС бөлүмүнүн башчысы, кийин Кыргыз ССРинин мамлекеттик агроөнөр жай комитетинин “Кыргызагрокамсыздоо” бирикмесинин башкы директору, “Агрокамсыздоотехсервис” бирикмесинин төрагасы жана “Кыргызайылкөмөк” акционердик корпорациясынын президенти болуп эмгектенди. 

“Агрокамсыздоотехсервис” системасында иштеген жылдары колхоз-совхоздордун материалдык-техникалык кубаттуулугунун өсүшүнө, айыл чарба өндүрүшүн техника менен жабдуу, айылдык товар өндүрүүчүлөргө агротехникалык механизация кызматтарын өз убагында жана сапаттуу көрсөтүүнү жеткиликтүү кынтыксыз уюштурууда Эмилдин эмгеги көп болду, анын өндүрүштү уюштуруудагы тажрыйбасы улам байып отурган. Ал айыл чарба өндүрүшүн улам жаңы бийиктиктерге көтөрүүгө жан үрөп иштөөнү өзүнүн эмгектик негизги принциби катары тутту. Өзүнүн тырышчаак эмгекчилдиги жана ар кандай жаңы тажрыйбаны илгиртпей колдоно билүүсү менен жаш адистин жана жетекчинин кадыр-баркы артты, элге таанылды, адис катары да, жетекчи катары да улам такшалды. Жашынан мектепте жакшы окуп, коомдук иштерге катышып үйрөнгөн адаты жогорку окуу жайында окуган жылдары дагы уланып, уюштуруучулук жөндөмү артса, эмгек жолунда маселелерди көрө билүү методдорун тапкан башкаруучулук тажрыйбасы артты. Эл менен иштөөнү үйрөндү, ошол жетекчилик кызматтарда иштеп жүргөндө, коллективге дайыма камкордук менен мамиле жасоону турмуштук зарыл принципке айландырды.

“Саргара жортсоң, кызара бөртөсүң” демекчи, 1995-жылы Эмил Узакбаев КР ЖК депутаттыгына өтүп, Эл өкүлдөр жыйынынын агрардык саясат боюнча комитетинин төрагалыгына шайланат. Бул кызматта анын Кыргызстандын экономикасынын айыл чарба тармагында жүрүп жаткан агрардык реформанын оош-кыйыш жактарын билгичтикте уюштуруу, жолго коюу жана ошол татаал процесстин укуктук-ченемдик негиздерин иштеп чыгуу боюнча тажрыйбасы, билими дагы бекемделди, артты. Натыйжада, жаңыдан калыптанып жаткан экономикалык-өндүрүштүк шартта айыл чарба өндүрүшүнүн өнүгүшүнө салмактуу салымын кошту. 

Анын депутаттык күрдөөлдүү иши улам өрчүп баратканда, 1996-жылы Нарын облусунун мамлекеттик администрация башчысы – губернатору кызматына дайындалды. Географиялык климаттык шарты катаал региондун социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүндө татаал маселелердин оордугуна карабай облуска инвестиция тартуу, анын ички ресурстарын жана резервдерин кеңири пайдалануу боюнча ири долбоорлорду, саамалыктарды жүзөгө ашырууга туура келди. Айталы, “Нарын” эркин экономикалык аймактын өндүрүштүк дараметин көтөрүү, жагымдуу инвестициялык шарттарды түзүү менен Кытай Эл Республикасы менен биргеликте бир нече өндүрүштүк ишканалар түзүлүп, эл чарбасынын тың өнүгүүсү үчүн зарыл болгон жаңы инновациялык технологиялар иштелип чыгып, ресурстар тартылды. Жаңы жумуш орундары түзүлдү. Натыйжада өзгөчө юридикалык статуска ээ болгон эркин экономикалык аймакта айыл чарбасы үчүн зарыл болгон жабдууларды, күйүүчү-майлоочу заттарды, жер семирткичтерди, үрөндү арзан баада алууга ылайыктуу шарттар түзүлгөн. Нарын шаарынын транспорт, байланыш боюнча инфраструктурасы оңдолуп, троллейбус линиясы 3 чакырымга узартылган, санариптик телефон байланыш мүмкүнчүлүгү облус боюнча колдонула баштаган. Ошол жылдарда калк үчүн көп кабаттуу жаңы үйлөрдү жылытуу, сактоо маселеси кыйын болуп турганда, Узакбаевдин демилгеси менен союздан калган, бүтпөгөн көп батирлүү үйдү куруп бүтүрүп, элге бөлүштүрүп, облустук оорукананын төрөт, хирургия бөлүмдөрүнүн имараттары, жаңы ден соолук борбору жана шаардык мончо курулуп, ишке берилген. Андан сырткары, туризмди өнүктүрүү максатында “Салкын-Төр” мамлекеттик жаратылыш паркы реконструкцияланып, мейманкана жана кабыл алуу жайлары курулган. Жалпысынан алганда, облустун экономикасынын негизин түзгөн айыл чарбасы 115%га өнүгүп, айыл чарба продукцияларын өндүрүүдө айтарлык ийгиликтер жаралган. Ошондой күрдөөлдүү эмгектин, чымырканган изденүүлөрдүн натыйжасында Нарын облусу 1997-жылдын жыйынтыгы менен баардык экономикалык, социалдык индикативдик көрсөткүчтөр боюнча 1-орунду алып, женүүчү облус деп бааланган. Мындай ийгиликти камсыздоодо облустун жетекчисинин ролу жана орду айтпаса да түшүнүктүү го.

Жыл артынан жыл өтүп, Узакбаевдин саясый элитанын ичинде, эл арасында кадыр-баркы артты, мамлекеттик башкаруу жаатында тажрыйбасы байыды. Нарын облусунда көрсөткөн ийгиликтүү натыйжалардан кийин ал 1998-жылы Айыл жана суу чарба министрлигин жетектөөгө дайындалган. Ал убакта экономиканын башкы сегменттериндей эле айыл чарбасы да бороон ургандай кыйроодон өтүп-өтө албай бар менен жоктун ортосунда турган учуру. “Приватизация” эле. Приватизация деген саясат ачык эле “прихватизацияга” айланып, жер, мал, айыл чарбасынын инфраструктуралык объекттери болуп көрбөгөндөй мыйзамсыздык менен таланып-тонолуп турган. Мына ушундай башаламан шартта министрликтин алдына кыска убакыттын ичинде өлкөнүн агроөнөржай саясатын турукташтыруу, атаандаштыкка жөндөмдүү технологияларды жайылтуу менен мамлекеттин азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында айыл чарба өндүрүшүндө жер-суу ресурстарын, ирригациялык жана мелиоративдик, кайра иштетүүчү инфраструктураны эффективдүү пайдаланууга багытталган саясат жүргүзүлдү. Албетте, ошол кыйчалыштуу оор кырдаалда Эмилбек Узакбаевдин бай иш тажрыйбасы айыл чарба тармагындагы урунттуу маселелерди адис катары мыкты билгендиги, чоң уюштуруучулук жана башкаруучулук жөндөмү, өзүнүн ашкере адамгерчилик сапаттары иштин натыйжалуу болушуна оң таасирин гана тийгизип, мээнеттүү түйшүктүн үзүрүн берди.

2001-2004-жылдары Эмилбек Узакбаев КР өкмөтүнө караштуу монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагалыгы кызматын аркалап, бул багытта да новатордук жигердүү аракеттери менен ошол учурда зарыл болгон укуктук-нормативдик актыларды тастыктап, калкка монополиялык ишканалардын кызмат көрсөтүүсүнүн сапатын жогорулатуу аркылуу бааларды турукташтырууга жетишкен.

Андан кийин 2004-2008-жылдары Узакбаев КР өкмөтүнө караштуу энергетика боюнча мамлекеттик агенттиктин директору кызматында, ал эми 2008-2009-жылдары шериктеш мамлекеттердеги жана ЕврАзЭСтеги Кыргыз Республикасынын президентинин интеграциялык кызматташуу боюнча ыйгарымдуу өкүлү – КР вице-премьер-министри кызматында чоң жоопкерчилик менен эмгектенип, өлкөнүн саясый-экономикалык кызыкчылыктарын коргоп, эл аралык масштабда оозго аларлык татыктуу иш алып барды.

Эмилбек Узакбаевдин өмүрүндөгү жана кызматтык карьерасындагы өзгөчө бир мезгил – бул анын дипломат катары иштеген жылдары болду. 2004-2008-жыдары ал Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы өзгөчө жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштөө менен ошол кездеги эки коңшулаш мамлекеттер аралык анчейин жакын болбогон талуу мамилелерди жөнгө салууда өзүн чебер дипломат катары көрсөтө алды. Айта кетүүчү бир жагдай, ошол оор кезеңдеги эки өлкөнүн өз ара мамилелеринин позитивдүү өзгөрүүсүнө Эмилбек Узакбаевдин өзүнүн ар кандай кыйын кырдаалда иштин көзүн таба билген артыкчылыгы жана харизмалуу адамгерчилиги да өбөлгө болгондугунда шек жок.

Эмилдин тагдыр жолунун жүрүшүндө өмүрлүк жары Светанын орду да өзгөчө болгон. Света жакшы үй-бүлөдө тарбия алып, Эмил экөө бир мектепте окуган. Кийин насип буюруп, экөө студент кездеринде баш кошушкан. Ошол күндөрдө эле экөөнүн жылдыздары келишип, бири-бирин ооз учунан түшүнгөн ынтымактуу үй-бүлө курушту. Эки уул, эки кыздуу болушуп, неберелерди көрүштү. Экөө бири-биринин колуна кол, бутуна бут болушту. Бирок аттиң дүйнө, Света кооптуу ковидден бул дүйнөдөн өтүп кетти. Бири кем дүйнө деген ушул экен.

Бүгүнкү күндө Эмилбек Узакбаев күрдөөлдүү 70 жаш куракты аркалап, дагы эле бала чагынан өзүнө мүнөздүү адамгерчилигин туу туткан калыбынан жазбады. Ошондон улам болуу керек, быйыл республикалык аксакалдар кеңешинин төрагасын шайлоодо ал кызматты жеңип алды. Азыр өлкөнүн аксакалдарынын башын бириктирүүнүн, алардын турмуш тажрыйбасын мамлекеттин өнүгүүсүндө жаштарга үлгү иретинде пайдалануу максатында кеңештин ишин илгерилетүүнүн жаңы концептуалдык жол-жоболорун иштеп чыгуунун аракетин көрүп жүрөт. Анын бул даркан далалатына ийгиликтерди каалайлы.

Айтканда не, айтпаганда не, адам баласынын оомал-төкмөл өмүрүндө баардык эле ой-максаттар ишке аша бербейт. Бирде өйдө, бирде төмөн дегендей. Узакбаевдин тагдырында да андай жагдайлар болбой койгон жок. Ошол жагдайлардын бири – анын кандидаттык диссертациясынын жакталбай калышы. Айтымында, белгилүү окумуштуу И.М.Ботбаевдин жана башка кесиптештеринин сунушу менен Москвадагы Бүткүл союздук мал чарбачылык илимий-изилдөө институтунда иштеген профессор Л.Г.Боярскийдин жетекчилиги менен “Тоют даярдоонун технологиясы” аттуу темада кандидаттык диссертациясын баштап, минимум экзамендерин тапшырып, изилдөөнүн практикалык талаптарын жүгөрүдөн сенаж даярдоонун жаңы технологиялары боюнча Сокулуктагы тажрыйба жүргүзүүчү чарбада аткарып, иш соңуна жетип калган чакта кызматтык жагдайлар менен убакыт табылбай, теориялык жактан бүткөн иш “ана-мына” деп жүрүп жакталбай калган. Өкүнүчтүү... Анткени, Узакбаев тырышчаак, мээнеткеч касиети менен сөзсүз илимде да ийгиликтерди жаратмак. Анда менин күмөнүм жок.

Эмилбек Узакбаев өзүнүн “Өмүрдөгү көз ирмемдер” аттуу китебинде айткандай, “элдин ырыскысына кол салба, мамлекеттикин алба, коррупцияга аралашпа” деген принциптерге таянып жашап келет. Ал ошонусу менен бай, ошонусу менен таза. Андай ак пейил адамдар элибизде дайыма бар болсун!


Өскөн Козубаев, философия илимдеринин доктору, профессор 
 "Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер