Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чыңгыз Айдарбеков, ЖК депутаты: “Азырынча Эмил Жамгырчиевге имиштер айтылууда”

Чыңгыз Айдарбеков, ЖК депутаты: “Азырынча Эмил Жамгырчиевге имиштер айтылууда”

31-декабрь, 23:30
556 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Чыңгыз мырза, башкы прокуратуранын депутат Эмил Жамгырчевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү суранган сунушуна кандай карайсыз?

-- Бир аз күтүүсүз болду. Мен билгенден, ага чек арадан мыйзамсыз өтүү, чет өлкөнүн жаранына кат жүзүндө кайрылуу сыяктуу айыптар коюлуп жатат окшойт. Биз фактурасын карап көрөбүз го. Комиссия түзүлдү. Сөзсүз экспертиза болуш керек. Фракция менен макулдашып, комиссияга мен да кирмекчимин. Себеби, кеп биздин фракциянын мүчөсү тууралуу болуп жатат. Бул маселе күн тартибине күтүүсүз кирип калды. Экинчиден, регламенттин баардык эле нормалары сакталган жок. Процедура боюнча башкачараак болуш керек эле.

-- Сиздерге кандайдыр бир документтерди бериштиби, таанышуу үчүн...

-- Бере элек. Менимче, комиссиянын курамына кирген депутаттарга сөзсүз түрдө берилет. Алар бүт кагаздар менен таанышып, анан тийешелүү тыянактарын чыгарышат.

-- Сиз комиссияга кирериңизди айтпадыңызбы, бирок “Альянстан” башка бирөө кирди го?

-- Объективдүү баа бериш үчүн мен да киргени жатам. Регламент ага жол берет.

-- Кесиптешиңизге бир топ эле олуттуу беренелер боюнча айып коюлуп жатат көрүнөт. Эгер алар далилденип калса, фракция мүчөсү катары аны ошондо деле коргоп чыгасыңарбы? 

-- Азырынча Эмил Жамгырчиевге имиштер айтылууда. Эгер тастыкталса, анда кесиптештер менен чогуу чечим кабыл алышыбыз керек. Көпчүлүктүн чечиминин негизинде корутунду көрсөтүлөт, анан жалпы жыйында чечим кабыл алынат. Боло турган кадамдар боюнча азырынча айтууга бир аз эрте. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер