Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Депутаттар жеңилдетилген насыя кечигип жатканын сындашты

Депутаттар жеңилдетилген насыя кечигип жатканын сындашты

04-апрель, 17:22
517 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жогорку Кеңешинин тармактык комитети бүгүн, 4-апрелде жазгы талаа иштеринин жүрүшүн талкуулап, “Айыл чарбасын каржылоо – 10” долбоорунун аткарылышы боюнча маалымат укту.

Айыл чарба министринин орун басары Азамат Мукашев долбоордун алкагында дыйкан-фермерлерге “Айыл банк”, “РСК банк” аркылуу 6 пайыздык жеңилдетилген насыялар берилип жатканын айтты. Ошондой эле эгиндин үрөндөрү Россиядан сатылып алынып, “Айыл банк” аркылуу дыйкандарга 2 жылга 4,5% үстөк (жылдык) менен берилип жатканын кошумчалады.

Талкуу учурунда депутаттар жеңилдетилген насыялар кечиктирилип берилип жатканын, банктарда кезек күтүүлөр арбын экенин сындашты. Алар насыяларды төлөөдө мөөнөтүн 6 айдан 12 айга чейин узартууну сунуштады. Эл өкүлү Максат Сарбагышев ар кандай документтерди, маалымкаттарды чогултуу зарыл болгондуктан, банктар аркылуу үрөн алуу кыйын болуп жатканын белгиледи.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер