Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улуттук космополитизмден тарбиянын патриоттук концепциясына карай

Улуттук космополитизмден тарбиянын патриоттук концепциясына карай

04-март, 12:00
583 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

1. Постиндустриалдык цивилизациялардын алкымына оп тартылып кетүү коркунучунун кырдаалында биздин карманган стратегиябыз кандай болушу абзел?

Улуу акын Арстанбек айткандай, бүгүнкү «устаранын мизинде оодарылган» заманда, глобалдашуунун, дүйнөлүк интеграциялык процесстердин этносторду, майда улуттарды ассимиляциялап, оп тартып кетүү коркунучунун шарттарында кубаттуу державалардын, глобалдык геосаясий күчтөрдүн, күчтүү постиндустриалдык цивилизациялардын кучагына жутулуу, чет өлкөлүк массалык маданияттын баскынында калуу опурталдуулугунун кырдаалында улуттук бир чоң стратегияны карманып, эгемендүү мамлекеттүүлүгүбүздү, тилибизди, тарыхыбызды, салтыбызды, маданиятыбызды, улуттук иденттүүлүгүбүздү көздүн карегиндей сактоо, коргоо, чыңдоо, бекемдөө, өнүктүрүү – бул биздин улуттук жетектөөчү эң башкы идеябыз, жалпыбыздын жарандык стратегиябыз деп айтмакчыбыз. Ырасында эле, Кыргызстан үчүн бүгүн мындан ашкан, мындан кымбат жана мындан бийик, ыйык стратегия барбы? Кыргыз мамлекети ушул улуттук жетектөөчү генералдык идеяны, мекенчил стратегияны өз муундарынын, жарандарынын алдында туу кылып көтөрүүгө, жылдыздай жаркыратып, маяк кылып кармоого тийиш. Бүгүнкү глобалдашуу заманында эгемендүү жаш Кыргызстандын таалим-тарбия ишинин негизинде дал ушундай философия, патриоттук концепция жатышы керек. Дагы айталы, дүйнөгө кожоюн болууга, гегемондук кылууга умтулган күчтөр улуттук маданиятты бир «көгөнгө» тизип, унификациялоону көздөйт. Мындай тенденцияга учурунда улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов каршы чыккан. Анын терең түшүнүгүндө, “бир маданияттын гегемониясы эч качан дүйнөлүк гармонияны сактап кала албайт, ар бир тил, ар бир улуттук маданият жалпы адамзат казынасынын уникалдуу табылгасы. Ал жоголсо, экинчи кайталанбайт. Адам дүйнөсүнүн кызыктыгы анын полифониясында, ар түрдүүлүгүндө, дүйнөнүн өзү көп кырдуулугу менен кызык” (Ч.Айтматов, Күн сайын адам болуу” - Бишкек, 2018, 194-бет). Демек, биздин улут, биздин маданиятыбыз дүйнөлүк полифониянын кайталангыс феномени. Анын жошоосу күнүмдүк эмес, түбөлүк болууга тийиш. 


2. Ата журттун атулуунун мекенчил модели – таалим-тарбиянын башкы максаты

Мындай жетектөөчү жогорку идеянын, андан агып чыккан мекенчил стратегиянын талап-муктаждыктарына, социалдык закасына ылайык өлкөдөгү таалим-тарбиянын алдына чоң максат коюлат. Айтмакчы, К.Д.Ушинский тарбиянын негизги көздөгөн максаты жөнүндөгү маселени коомдун педагогикасынын биринчи философиялык маселеси деп эсептегендигин эске сала кетели. Жогоркудай башкы идея-стратегия Кыргызстандын таалим тарбиясынын башкы максаты төмөндөгүдөй болушун шарттайт:

-- жаштарды Ала-Тоо, Ата журтубуздун эркиндигин, эгемен мамлекеттүүлүгүн эң жогорку ыйык дөөлөт деп санаган бийик жарандык аң-сезимдүүлүккө, мекени үчүн жанын берүүгө, анын гүлдөп өнүгүшү үчүн каруусун казык, канын азык кылууга даяр турган, “Ата журтумсуз мен киммин, ата-энесиз жетиммин”, “Басканча бөтөн жердин көк шиберин, басайын өз жеримдин тикенегин” деп ойлонгон, ата конушунун бүтүндүгү, эл-журтунун биримдиги үчүн тикесинен тик турган, «Сен ооруба, мен ооруюн Ата журт» деген патриоттуулукка тарбиялоо; 

-- Азиядагы эң байыркы калктардын бири болгон, бир кезде өзүнүн империясын курган кыргыз элинин тарыхтын бороондуу жолдорунда эркиндик, боштондук үчүн болгон азап-тозоктуу каарман күрөшүн, баатырдык тарыхын терең билген, аны менен сыймыктанган, ата-бабаларынын мекенчил өрнөгүн үлгү туткан, бекем тарыхый эстутумга эгедер, көкүрөк-көөдөнү ар-намыска жана абийирдүүлүккө, достук сезимге ширелген атуулду тарбиялоо; 

-- Ата мекенинин рухий мурастарын мыкты өздөштүргөн, элинин кылымдарды карыткан уңгулуу салттарын боюна сиңирип аздектеген, калкынын маданиятына, адеп-ахлагына, руханиятына жандүйнөсү сугарылган, аларды колдоно жана өнүктүрө билген, улуттук-этникалык иденттүүлүккө эгедер, жалпы адамзаттык маданиятты, илим-билимди өздөштүргөн жаранды жаратуу; 

-- эне тилим – улутумдун жүзү, улутумдун жаны, «улут болсом, тилим менен улутмун» (Э.Ибраев) деп түшүнгөн, “Эне тилим – эне сүтүм, ыйыгым жана сыймыгым, адамдыгымдын жана атуулдугумдун чен-өлчөмү”, “Башка тилди канча жакшы көрсөм да, өз тилимди сүйгөнүмдөн жаңылбайм” (Алыкул) деп туюнган, мамлекеттик тилдин байрагын желбиретип бийик кармап алып жүргөн, кыргыз тилинде сүйлөө жана жазуу маданиятынын өрнөгүн көрсөтө билген азаматты жетилтүү. 

Мынакей, өлкөнүн таалим-тарбиясы жарата турган кыргыз мамлекетинин жаранынын өрнөгү, модели. Ушул жарандык моделди реалдуулукка айландыруу Кыргызстандын таалим-тарбия системасынын жана улуттук педагогиканын башкы мүдөөсү. Кыргыз мамлекетинин, эгемендүүлүгүбүздүн, улутубуздун сакталышына, боосунун бекем болушуна, коопсуздугуна, гүлдөп өнүгүшүнө жана жаркын келечегине дал ушундай жарандык менталитет гана кепил болуп бермек. Кыргыз мамлекетинин арка-бели, таянар тоосу ушул касиеттерге эгедер атуул. Туура, демократиялык идеалдарды өздөштүрүүгө тарбиялоо да тарбиянын максаты жана милдети. Бирок биз бул жерде улутту улут кылып сактай турган этникалык, этнопедагогикалык чордондуу маселени, тарбиянын өзөгүндө жата турган нерсени атайылап бөлүп көрсөтүп, ага басым коюп жатабыз. 


3. Улуттук тарбия стратегиясынын мазмундук-ресурстук гүлазыгын кайдан алабыз? Же элдик коломтобуздагы улуу көрөңгөлөр

Эми суроо туулат: жогорудагыдай Ата журттун тиреги, таянар тоосу, мамлекетибиздин гүлдөп-өнүгүшүнүн жана жаркын келечегинин кепили болуп бере турган мекенчил жаранды жаратуу, калыптандыруу, өстүрүп чыгаруу мүдөөсү тарбия ишинде кандай этникалык материалды, кандай мазмундук базаны жана рухий-маданий ресурстарды пайдалануу аркылуу жүзөгө ашырылмак? Этнопедагогикалык тарбиялоо иши кандай мазмундук фундаментке таянмак? Тарбия ишинде колдоно турган мазмундук кор, казына, ресурс такталып аныкталбаса, анда жогорудагыдай бийик мүдөөлөр кооз фразалардын жана абстракттуу декларациянын деңгээлинде калмак. Кыргызстандын тарбия стратегиясы тарбия ишинде база болуп бере турган улуттук коломтобуздагы мазмундук ресурстардын негизги өзөктүү сызыктарын (линияларын) көрсөтүп берүүгө тийиш. Тарбиячыларга пайдаланууга багыт, ориентир катары кызмат кыла турган өзөктүү мазмундук-ресурстук, базалык таянычтардын төмөнкүдөй болмогу мүдөөгө ылайык келерин айталы: 

АТарбиянын табылгыс таянычы жана гүлазыгы – калктын улуу тарыхы

Тарбия ишинин негизине алынып, мазмунун аныктай турган кенч – бул эзелки доорлордон бери карай кыйын-кезеңдүү, оор сыноолорго жана эркиндик, көз карандысыздык үчүн каарман күрөшкө толгон калкыбыздын бай тарыхы. Борбор Азия калктарынын ичинен байыркы тарыхта аты биринчи учураган кыргыздар өзүнүн хандыгына, мамлекеттүүлүгүнө эгедер болгон (кытай жазмаларынын далилдери), атүгүл Азияда өзүнүн империясын түзгөн (IX кылым), эпостордо айтылгандай «Эрендер менен маңдайлаш, чечендер менен таңдайлаш, беттеп адам барбаган, ар душман жеңип албаган» жоокер, эмгекчил, баатыр эл болгон. Манас атабыз, Барсбек, Алп Сол, Тагай бий, Кубат бий, Жаңыл Мырза, Курманбек, Атаке, Бердике, Жайыл, Тайлак, Курманжан датка, Искак хан, Алымбек датка, Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов Исхак Раззаков, көкүрөгүн окко тоскон Чолпонбай сыяктуу улут ар-намысы жана боштондугу үчүн кара жанын садага чапкан жүздөгөн, миңдеген баатырларыбыз, уул-кыздарыбыз – улуттук тарыхыбыздын мактанычы жана сыймыгы. Кыскасы, биздин бүгүнкү тукумдарыбыздын духун көтөрө турган, көкүрөгүн сыймыкка бөлөп, улуттук ар-намыс сезимин (чувство национального достоинства) бийиктете турган даңктуу тарыхыбызтарбиянын соолбос булагы. «Өзүнүн тарыхын ийне-жибине чейин билип, аны жаш муундардын энчисине айландырып жаткан улут бактылуу улут» (Махатма Ганди). 

Б) Мамлекеттик тил – тарбия булагы

Улуттун улут экенин тастыктап турган эне тил – тарбиянын ресурстук таянычы жана башкы багыттарынын бири. Кыргыз тилинин лексикалык, макал-лакап, учкул сөз, жорго сөз, чечен сөз байлыгы – тилдик тарбиянын соолгус булагы. Кыргыз тилибиз – улутубуздун жүрөгү. Кан тамырында жүгүрүп, көөдөнүндө согуп турган эне тилинин жүрөгү токтосо, улут улут катары жашоосун токтотот. Эне тилин жоготкон, унуткан адам – тирүү өлүк, маңкурт, экономикалык макулук. «Эне тилин билбеген, элин сүйүп жарытпайт» (Байдылда). Эне тилибиз ар бир алатоолук атуулдун ар-намысы, сыймыгы, жашоосунун маңызы, дүйнөгө көрсөтө турган улуттук паспорту (Э.Ибраев). Дал ушундай философия жана тилдик патриотизм – тарбиянын алдында жол көрсөтүп күйүп турган маяк. 

В) Тарбиянын түгөнгүс көрөңгөсү – улуттук маданияттын казынасы 

Тарбия ишине чоң азык-көрөңгө, омок болуп берчү дагы бир байлык – бул этникалык маданияттын казынасы. Калктын кылымдарды карыткан каада-салттары, керемет элдик оюндары жана майрамдары, кайталангыс колоритке эгедер кол өнөрчүлүгү, ажайып кооздукка жана эстетикалык сулуулукка ширелген жасалга буюмдары, кулинардык береке-байлыгы, тарыхый-архитектуралык эстеликтери, кыскасы, улуттун уникалдуу материалдык-этнографиялык маданияты – таалим-тарбиянын соолубас булагы. 

Г) Ата мекенибиздин «Манас» баш болгон улуу фольклору, профессионал адабияты менен искусствосу, элдик философиясы тарбиянын соолбос кенчи

Улуу «Манас» эпосу баш болгон улуу рух байлыктарын камтыган фольклордук бай казынабыз Арстанбек, Жеңижок, Токтогулдай ак таңдай акындарыбыздын поэзиясындагы терең маанилүү санат-насыяттар, Карамолдо, Ниязаалы сыяктуу шаалар комузга кол ойнотуп черткен, «кулактан кирип бойду алган» сандаган залкар күүлөр, Боогачы, Мусалар созгон керемет обондор, сүрөт, кино, театр өнөрүбүз, кыргыздын духун, нравасын, философиясын, идея-идеалдарын көтөрүп алып жүргөн Түгөлбай, Чыңгыз баштаган профессионал адабиятыбыз – тарбиячылар үчүн пайдалана турган баа жеткис гүлазык, орошон маани-маңыз, табылгыс педагогикалык курал. Бир боор адабиятыбыз менен искусствобуз - менталитет түзүүчү кудуретке эгедер феномен. 

Ошондой эле акылман Бакай, Калыгул олуя, Ысык-Көлдүн жети акеси сыяктуу калк даанышмандарынын осуяттары, кыргыздын макал-лакаптарындагы кеменгер, гениалдуу, таамай акыл кенчтери – таалим-тарбиянын алтын кору. 

Д) Калайык-калктын адеп-ахлак маданияты – муундарда улуттук иденттүүлүктү жаратуунун уюткусу жана рухий-адептик базасы

Элдик этикада меймандостук, калыстык, чынчылдык, адилеттүүлүк, “таш менен урганды аш менен урган” деген айкөлдүк, жоомарттык, топуктуулук, сабырдуулук, кечиримдүүлүк, боорукерлик, мекенчилдик, интернационализм ж.б. асыл сапаттар ар дайым даңазаланып, адамдык жүрүм-турумдун чен-өлчөмү болуп келген. Тарыхтын узак жолун баскан элибиз өсүп жаткан муундарга адам болуунун жолун, шартын көрсөткөн моралдык-этикалык гуманисттик дөөлөттөрдүн бүтүндөй бир системасын иштеп чыккан. Кыргыз элинин адеп-ыймандык адамгерчиликтүү улуу эрежелери, улуттук гана эмес, өзүнүн жалпы адамзаттык мүнөзү менен да айырмаланарын баса белгилөөгө тийишпиз. Калкыбыздын көөнөрбөс адеп-ахлах асылбаа байлыгы – тарбиянын соолубас мүрөк суусу. 

Е) Табият – тарбия ачкычы 

Кыргыз жеринин сулуулугу, Ала-Тоонун ажайып жаратылышы, табият керемети, касиеттери, ата-бабалардын табият даанышмандыгы – тарбиянын мазмундук кору. 


Тыянак

Жыйынтыктап айтканда, элдик коломтобуздагы жогоруда саналган гүлазык баалуулуктарыбыз: тарыхыбыз, материалдык жана каада-салт мурастарыбыз, эне тил кенчибиз, адабиятыбыз менен маданиятыбыз, этикалык нарк-дөөлөттөрүбүз жана элдик философиялык байлыктарыбыз жарандардын патриоттук наркын, улутмандык касиетин, алардын улуттук-этникалык иденттүүлүгүн жаратуучу улуу көрөңгө. Бул ресурстар улутубуздун жана мамлекеттүүлүгүбүздүн тиреги, таянар тоосу, мактанычы жана сыймыгы болуп бере турган жогорудагыдай атуулдун мекенчил моделин реалдуулукка айландыруунун базалык кенчи. Ушул этноресурстук зор потенциал эгемендүү мамлекеттүүлүгүбүздү сактоонун, бекемдөөнүн, чыңдоонун, өстүрүп-өнүктүрүүнүн улуттук генералдык идеясынын кубаттуу куралы. Бул курал мамлекет тарабынан тарбия ишине туруктуу түрдө, системалуу мүнөздө толугу менен мобилизацияланышы зарыл. Мамлекеттик гимнибизде «Бизге жеткен ата салтын, мурасын ыйык сактап, урпактарга берели» деп айтылат эмеспи. 

Мамлекеттик деңгээлде кабыл алынган улуттук баалуулуктарга негизделген тарбия стратегиясы жана программасы, бул багытта изден тайбай жүргүзүлгөн ишмердик, педагогикалык саясат республикабызга жайылып жаткан улутсуз космополитизм, тарыхый тамырларга карата нигилизм, маңкурттук, «көзкаманчылык», рухсуздук ооруларынын кесепеттеринен, чет өлкөлүк миссиялар сээп жаткан «вирустардан» калкыбызды, муундарыбызды коргогон, сактаган патриоттук ишенимдүү калкан болмокчу. Бир сөз менен айтканда, глобалдашуунун шартында биз өзүбүздүн жогоркудай мазмундагы улуттук концепциябызды, тарбия стратегиябызды бекем кармануу аркылуу гана өз алдынчалыгыбызды сактап кала алабыз.


Советбек БайгазиевКыргыз эл жазуучусу 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер