Чеп таш


(Даректүү баян )
Айтылуу Чаткал өрөөнү тарыхый окуя менен баяндарга бай аймак. Өткөн социалисттик түзүлүш жана коммунисттик саясат бул жерлердин маани-маңызын аңдабастан, тоолуу аймакты бир гана мал чарбачылыгына пайдаланууну туура көрүп, табигый кен байлыктары менен бирге эле өткөн тарыхтын издери камтылган жайлары узак мезгилдер бою көз жаздымында калып келген. Азыркы Жер-Капчыгай айылынын этегинен орун алган “Чеп таш” баяны да көп нерсени каңкуулайт. Азыр билинер-билинбес орду калган бул чеп таш бир замандарда чоң чабуулга туруштук берүү үчүн атайын салынганы көрүнүп турат. Муну ал жердин оң жак капталында орун алган эски мазардын турушу жана кийинки жылгага чейин созулуп жаткан соңку мазардын орун алышы да ырастагансыйт. “Чептен эрдин күчү бек” демекчи, атактуу акын Жоомарт Бөкөнбаев да жер-жерлерде жалаң таш менен тургузулган мындай чептердин таасиринен улам өзүнүн айтылуу поэмасын жаратып, “Эр жигит эл четинде, жоо бетинде” сыналган замандардын элесин чагылдырган чыгар. Биздин айылдын аксакалдары, айрыкча өзүмдүн чоң энем Орозбай кызы Айымкандын айтуусунда, чеп ташты болжол менен XVIII кылымдын аягы, XIX кылымдын II жарымынын алкагында бул аймакта болуп өткөн кандуу кармаштардын күбөсү катары мүнөздөчү. Албетте, азыр ал эски адамдардын көздөрү өтүп кетти. Биз ойноок бала болуп, ал кезде айтылган сөздөргө маани берген эмес экенбиз. Ошол айтылгандардын айрым жерлери гана эсибизде калып, азыр ошолордун нугунда ой калчоого туура келүүдө. Анан калса, эми гана элибиз эгемендүү мамлекет катары өз тагдырын өзү чечип, өткөн-кеткен окуяларына кылдат саресеп салып, тарыхый изилдөөлөргө көңүл бурулуп жаткан чакта мындай маанилүү жайлар ар тараптуу изилдөөлөргө муктаж экенин айтпасак да көпчүлүк жакшы түшүнүп турат. Кечээки эле Кокон хандыгынын убагында бул өрөөндө не деген кандуу окуялар, капсалаңдуу мезгилдер өтпөдү дейсиз... Ал эми бул жерлердеги тарыхый жайлардын сыры өз ичине бир нече кылымдардын топтомун камтып жатканы эч кимге жаңылык эмес. Муну ал жердеги айрым белгилер да ырастап турат. Албетте, улуттук тарых илим чөйрөсү өткөн соңку чейрек кылымдык убакыт ичинде (эгемендүүлүк келгенден бери – Б.Б.) Чаткалдагы мындай тарыхый жайлар туурасында мурда кандай болсо, азыр деле ошол абалда унчукпай отурушат. Мунун себептерин да ар түрдүү жагдайлар менен түшүндүрүп келишет. Кандай болсо да, убакыт учкан куштай зыпылдап өтүп жатканын эске алып, элибиздин эртеңи үчүн бир пайдасы тийип калар деген ой менен ушул баянды окурмандар менен тең бөлүшүүнү ниет кылдым. Мындагы жалпы жагдайлар, өзгөчө “Жаныш-Байыш” эпосундагы айтыла келген окуялар менен болгон үндөштүгү жөнүндө биздин “Жер Капчыгай” (“Азия NEWS” гезити, 2025-жыл 15-май) деген аталыштагы тарыхый баяныбызда да сөз козголгонун эске алсак, мындагы айтылгандар анын уландысы же толуктоо катары кабылданышы лаазым. Алымча-кошумчасын окумуштуулар менен көпчүлүк биргеликте талдап, келечекте бул жердин тарыхый-археологиялык, адабий-этнографиялык, тарыхый-фольклордук маани-маңызын кененирээк карап, терең талдап, бул “Чеп таш” баянын өз ордуна келтирер деген ишеничтебиз...
Капчыгай. Ооз жагы айыл болгон,
(Жыйырманчы жылдары эле элге толгон).
Суу түшөт, мөлтүр кашка тунук булак,
Өөрдөш, өйдө жагы бийик коргон.
Бет маңдай, оро-пара орун алган,
“Чуулдак” түк өзгөрбөс болуп калган.
Жайкысын жайлоо көчүп, кайран кыргыз,
Бул сайга малы менен толуп алган.
Замандар кербен төөдөй чубагандыр,
Чоң дайра төмөн ылдый кулагандыр.
Ат көлүк, арткан жүгү кошо кетип,
Ок тийип, арбын адам сулагандыр.
Айымкан энем айтчу арман кылып,
(Ансайын өз жакасын кармап туруп),
“Полот хан, Кудаярдын түйшүгү” деп,
Yшкүрсө ооз жели жалмап, жулуп.
Кечээки Кокон Ордо салган чуулар,
Шералы, Мадалылар кылган дуулар.
Эл үркүп, ат таскагы аба жарып,
Сай-сайдан сарыккан дейт кандуу суулар.
Оозунда өөрдөш сайдын чеп таш турат,
Азыр да көзгө дайын, кээси кулап.
“Көп адам мерт болгон” деп кеп кылышчу,
“Ошол жер кандуу” дешип, четтен чубап.
Жоробек үркүткөн деп калың элди,
(Калыптыр калк ичинде айрым белги).
Чоң энем чочуп кетчү “селт” дей түшүп:
“Карадан калтырбастан бирден терди”.
...Бала элем, баарын эске сактабадым,
Энекем көзү өткөн соң тактабадым.
Айтылган азыноолак аңыз менен
Алдыга арыш таштап, аттаганым...
***
Өөрдөш өзү сонун, кооз аймак,
Чоңойдук койду жайып, уйду айдап.
Чоң энем кээде өзүнчө күбүрөнүп,
Бетине бата тартчу көөнүн жайлап.
Сурасам, “силер кайдан... Билбейсиңер...
Шейиттер сөөгү жатат, ким дейсиңер?..
Өткөнкү ызы-чуулуу замандарда
Мерт болгон, аны көзгө илбейсиңер...”.
Чын эле жерди чукуп, ылай кылсак,
Болбосо, оро казсак, жумшак турпак.
Аркайган адам сөөгү чыга келет,
Жатышкан канча мезгил кылым, жылдап.
Yйлөрдүн эшигинде мындай бейит,
Айтышат: “Адам жатат, болгон шейит.
Аттаба, баспагыла, бул жер ыйык” –
Аксакал карыялар калчу кейип.
“Тарыхтын айылы” деп айтса болот,
“Жер Капчыгай” жер ушу, кокту-колот.
Чоң энемдин чочуткан кээ бир түнкү,
Окуясын ойлосом узун жомок...
***
Өөрдөш мурунтадан ээлүү делет,
Күнү-түнү бирин-эки конок келет.
Дача бар, сыйлуу адам орун алса,
Ойгонот, уктай албайт көңүл демеп.
Жатканда кобур-собур, ар кыл үндөр,
Ат дүбүрт... Чымын жандан түңүлүүлөр...
Тарсылдак, ач айкырык, ызы-чуулар,
Онтоолор... Көз жаш төккөн үзүлүүлөр...
Капыстан эшик “шарак” ачылса эгер,
Идиштер жерге түшөт, койсоң чебер.
Бөлмөдө бир алаамат боло берет,
Уктап көр, эгер болсоң укпас керең.
Капыстан төбө чачың тик тургансыйт,
Калтырап колу-башың ток ургансыйт.
Калтаарып, ырай кетип, кекеч кармап,
Эми эле жанды алууга кол сунгансыйт.
Кыскасы, уйку качат, чабалактайт,
(Бул сырды ичке катат, эч кимге айтпайт)
Качанкы боло келген кандуу иштер,
Жанга эмес арбакка да чыны жакпайт.
Түш эмес да, өң эмес мындай абал
Түндө болот уйку-соо жатсаң анан...
Кээ бир жандар сезишет, куран окуп,
Арбакка атайт сообун, барбы чараң?..
Көп учурда бул жерде арак-шарап
Ичилет да, сүйлөнөт жаман адат.
Андай шартта арбактар тынч алалбай
Адамдарга таарынып сыртын салат.
***
“Чеп таштын” урандысы дале турат,
Адамдар алда недей үндөр угат.
Байкабай үй салгандар бул аймакка,
Бат эле башын мыкчып кайра бузат.
Анткени, айтылгандай азан-казан,
Ызы-чуу, кыйкырыктан качат мазаң.
Корккондон оозуңа учук чыгып,
Кокуйлап көчкөндөр көп, калбайт чамаң.
Качанкы доорлордо болгондугун,
Ким жеңип, ким жанынан тойгондугун.
Дааналап, тактап айтчу адам жоктон,
Чеп таштын таржымалы болжол бүгүн...
Энемдин айтуусуна сереп салсам,
Кечээ эле Кокон Ордо доорун байкаң.
Искак, Нүзүп, Мусулманкул миңбашылар,
Баарысын баян кылсаң болот дастан.
А балким, андан мурун болгон чыгар,
Орду бар, ошондо зор коргон чыгар.
Кантсе да кандуу согуш изи жатат,
Канчалар чымын жандан тойгон чыгар...
“Жер Капчыгай” – жеңилбес “Чеп таш” коргон,
Жоо келгенде душманга такаат болгон.
Кытай, калмак, манжунун маалында,
Чаткал ичи чайпалып элге толгон.
Ушул жерлер ээлүү жерлер делет,
(Бул башыма миң түркүн ойлор келет)
Каптал бетте кадимки эски мазар
Каргашалуу кырсыктар кайдан демек...
Ыйык делген жерлер көп бул өрөөндө
“Чеп таш” болсо бирөөсү, жаман көрбө.
Эл-жер коргоп эчендер шейит болуп,
Кала берди баштары кара көрдө.
Бул чынында божомол, ойлор гана
(Тактай билчү тарыхчы, чоңдор кана?)
Сай оозуна жайгашкан чакан айыл,
Чоң тарыхтын чордону билген жанга...
Бакыт Баймырзаев, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун кыргыз адабияты кафедрасынын доценти
"Азия Ньюс" гезити











