Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Министр Абдикаримов вирус жуктурса кетпейби? Элдин убалы бар...

Министр Абдикаримов вирус жуктурса кетпейби? Элдин убалы бар...

10-июль, 12:07
891 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эрксизден баш чайкайсың... Элдин убалына калган саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов пневмонияга чалдыкса, орун басары Нурболот Үсөнбаев коронавируска кабылганы жарыяланды. Башта экөө окшошуп алышып, жумушка чыкпай жатып алышкан. Эмне менен ооруп атканы белгисиз болушуп. Натыйжада, дарттары аныкталыптыр. Эми дарылануу менен министр Абдикаримов орун басарын белине ороп алып, ошондон ары кызматтан кетишпейби? Убагы келгенде булар элди кырып жиберүүгө жол беришкени үчүн мыйзам алдында жооп беришсе керек, туурабы? Саламаттык сактоо министрлигине кесипкөй, профессионал дарыгерлер арбын. Татыктуусун тандап, эмне үчүн дайындашпайт? Чалдар “шалга” айланышып, ансыз деле Кыргызстандын түбүнө жеткени калышты.

Баса, Абдикаримов алгач министр болгондо эле мурда жол кырсыгына кабылганын, натыйжада, башы соо болбой калганынан шек санап, жазбадык белек? Турмуш жүзүндө чын чыкканы – тантырап сүйлөгөн сөзү, тетири кылган иши менен далилдендиби?..

Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер