Бакыт Сыдыков ажонун жинине тийдиби?

Кыргыз тил мыйзамына карата Бакыт Сыдыков агрессивдүү сүйлөп, кайпыткан каршылыгы үчүн ажого жакпай калдыбы? Бул боюнча “Ынтымак Ордодон” кеп тарады. Негизи улуттук баалуулуктарга кыянаттык кылуу кечиримсиз. Бакыт Сыдыков “УКМК мага тийбейт” деп эле текеберлене берсе, ИИМ камап салышы мүмкүнбү? Убагында коррупцияга шек саналганбы? Айтмакчы, Курманбек Бакиевдин режими тушунда “Манас” эл аралык аэропортун жетектеп, чуулганга калганы эсиңердеби? Негизи олуттуу суроолорду чубай берсек, чын эле бүйүр кызычудай. Таңгаласың да, бул эргул акыркы жылдары мурутун сербеңдетип алып, бой көтөрүп, ашынып эле баратат. Байлыгына чиренип, эч кимди көзгө илбей кутура баштадыбы? Кыргыздар “төшү түктүүгө жолугасың” дечү эле. Бакыт Сыдыковдун да “сына” турган кезеңи жакындап калдыбы?
"Азия Ньюс" гезити