Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Күйөөмө эрегишип таблетка ичкем, эми балалуу боло албай шорлоп жүрөм

Күйөөмө эрегишип таблетка ичкем, эми балалуу боло албай шорлоп жүрөм

24-февраль, 17:09
2 923 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Биз күйөөм экөөбүз жаңы баш кошкон жылдар эле. Жаш болгонгобу, аны аябай   жакшы көрчүмүн. Ары-бери басканынын баарын текшерип, кызгана берчүмүн. Көп өтпөй кош бойлуу да болдум. Бир жагынан талгак болуп, ага кошулуп кызганычым күч алып, терс мүнөздөрүм көбөйдү. 

Бир күнү түн бир оокумга чейин келбей кечикти. Түнкү үчтөрдө келди. Жолдош балдары менен отуруп келгенин айтып, тетири карап жатып алды. Телефонун ачып карасам, жолдош балдары, кыздар менен түшкөн  сүрөттөр жайнайт. Менин зарыгып күтүп отурганымды капарга албай минтип уйкуга киргени бир тең, кыздар менен түшкөн сүрөттөрү бир тең болду. Түнү менен кирпик каккан жокмун. Таңга маал дарыканага барып, бойдон түшүрүүчү кытай таблеткаларын алып ичип баштадым. Ошол кезде эмнеге мынча албууттанып, эмнеге мындай кадамга барганыма азыр таңгалам. 

Балам боюмдан түшүпсулк жаттым. Сага кейип, сени күтүп аябай ыйлагам, мына, балага таасир этти деп долуландым. Ошондон кийин күйөөм көзүмдү карап, мамилесин өзгөрттү. Бирок арадан алты жыл өтсө да, балалуу боло албай шорлоп келем. Кайын журтум келип кыйытып, түрдүү сөз айтып кетишет. Күйөөмдөн эми накта ажырап каламбы?..

Тумар

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер