Өз үйүмө кирүүдөн айбыгып, жыйырма мүнөттөй турдум


Интернет желелеринен мурдагы сүйгөн кызым Айдай менен сүйлөшүп калдым.
-- Кандайсың Айдай?
-- Ойдогудай, баары жакшы.
-- Өзүңдөчү? Үй-бүлөлүк турмуш кандай өтүп жатат?
Арызданмак белем, “баары жакшы, бактылуумун...” дедим. Узакка созулган үнсүздүк...
“Дагы көп калпыңдын бириби? Байкуш аялыңды боздотуп, үйгө жалгыз таштап коюп, жеңил ойлуу кыздар менен көңүл ачып жүргөнүңдү аяш апамдардан эшиткен жок дейсиңби? Бир кездери “үйлөнөм” деп менин тагдырымды талкаладың, азыркы жубайың Нурмиранын тагдырын талкаладың, кичинекей наристеңдин тагдырын ойлонгон жоксуң. Ушунчалык өзүмчүлсүң, катынпозсуң. Сени жек көрөм!” деп жазды да, желеден чыгып кетти.
Үстүмдөн муздак суу куюп жибергендей томсоруп отуруп калдым. Кыздар менен жолугушуумду да токтоттум. Үйгө да барган жокмун. Көпкө ойлондум. Канчалык кордук көрсөтпөйүн Нурмирадан эч бир ашыкча сөз укпаптырмын. Ата-энемдин дагы жакшы көргөн келини болду. “Колдо бар алтындын баркы жок” болуп, кара жаныма эле каңгырап-аңгырап жүргөнүм үчүн Жараткандан кечирим сурадым. Гүл саткан дүкөндөн кыпкызыл розаларды сатып алдым.
...Өз үйүмдүн босогосунда коңгуроону басуудан айбыгып, жыйырма мүнөттөй турдум. Жубайыма өмүрүмдө бир дагы жолу гүл тартуулап көрбөпмүн. Баш кошкон күнүбүздө да, ымыркайым жарык дүйнөгө жаралганда да гүл тартуулабапмын. Кечир мени, бейкүнөө Нурмирам! Каталыгымды кеч түшүндүм.
Азыр да эки аял алуу маселеси козголуп, ката кетирген жаштар жок эмес. Менин бул тагдыр баяным балким айрым жаштарга сабак болоор.
Айбек. А











