Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өлкөбүздөгү коронавирустан каза болгондордун тизмеси

Өлкөбүздөгү коронавирустан каза болгондордун тизмеси

06-июнь, 14:50
3 409 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өлкөдө 5-июнга карата коронавирус аныкталган жарандардын саны 1 миң 936га жетти. Анын ичинен өлкөдө вирус катталган күндөн тартып, тагырагы 18-марттан бери бардыгы болуп 22 бейтап бул илдеттен каза болду. Вирус аныкталгандан 16 күн өткөндөн кийин биринчи өлүм катталган. Тизме:

3-апрелге карата Ош облусундагы Ноокат аймактык ооруканасында 61 жаштагы бейтап вирустан каза болду. Ал чет өлкөдөн келип, стационардык обсервацияда дарыланып жаткан. Бейтапта дагы башка өрчүп кеткен оорулары бар болгондугу кабарланган.

4-апрелде Ош облусунун Ноокат районунда 
80 жаштагы бир бейтап каза болду. Ал коронавирусту чет өлкөдөн жуктуруп келип, дарыланып жаткан. Ага баардык тийиштүү чаралар колдонулган. Бирок кокустан анын абалы оорлошуп, жүрөк оорусу кармап, каза болгону маалымдалган.

6-апрелге карата Ош облусунда коронавирустун кесепетинен дагы 2 киши каза болду. Алардын жаш курагы, вирусту кандай шартта жуктуруп алып, кайсы ооруканада дарыланып жатканы тууралуу маалымат берилген эмес.

10-апрелге карата өлкө боюнча коронавирустан 1 жаран каза болуп, жалпы саны 5ке жетти. Маркум 87 жашта болгонАл Ноокат районундагы оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатканы айтылган.

20-апрелде өлкөдө коронавирустан 2 бейтап каза болду. Каза болгон бейтаптын бири - Чүй облусунан - аял киши, 70 жашта. Экинчиси Ош шаарынан 79 жаштагы эркек киши. Каза болгон жарандардын өнөкөт оорулары дагы болгону маалымдалган.

22-апрелде коронавирус аныкталган 53 жаштагы аял каза болду. Ал 5-апрелде Кемин районундагы ооруканадан республикалык клиникалык инфекциялык ооруканага оор абалда келип түшкөн. Маркумда кант диабети, жогорку тобокелчиликтеги гипертоникалык илдет, жүрөк дарттары бар болгон.

2-майда республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында 2 бейтап каза болду. Анын бири 1962-жылы туулган №3 үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаева. Андан вирус аныкталып, Бишкектеги клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына дарылоо үчүн жаткырылган. 26-апрелде эки тараптуу пневмония жана коронавирус диагнозу коюлган. Ошондой эле анын башка өнөкөт оорулары да болгон.

Экинчиси 1951-жылы туулган Жалал-Абад облусунун тургуну. 28-апрелде Екатеринбургдан Кыргыз өлкөсүнө учуп келип, алгоритмге ылайык обсервацияга жаткырылган. 29-апрелде коронавирус аныкталганына байланыштуу Бишкектеги клиникалык жугуштуу оорулар ооруканага жаткырылган.

5-майга карата Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында дарыланып жаткан 69 жаштагы жаран каза болду. Маркумга пневмония, үчүнчү даражадагы курч мүнөздөгү дем алуунун жетишсиздиги жана баш мээсинде шишик диагнозу коюлган. Мындан тышкары, бейтап кант диабетинен жабыркап, инсулин алып жүргөнү айтылды. Маркумдун кызы №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда иштей турганы белгилүү болду.

6-майга карата 67 жаштагы аял Бишкектеги республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында көз жумду. Анда эки тараптуу пневмония, полиоргандык жетишсиздик синдрому жана баш мээсинде шишик диагноздолгон. Мындан тышкары, бейтап порталдык гипертензиясы менен боордун циррозунан жана эксудативдик плевриттен жабыр тартып келген.

15-майга карата 2 бейтап каза болду. 84 жаштагы аял Нарын облустук ооруканасында каза болду. Ага пневмония, дем алуунун III даражадагы жетишсиздиги диагноздору коюлган. Анамнезде бөйрөктүн өнөкөт оорусуна операция болгондугу белгилүү болду. Маркумдун сөөгү санитардык талаптарды аткаруу менен жерге берилди.

Экинчи бейтап Бишкектеги республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында көз жумду. Ал 55 жаштагы эркек киши. Ага эки тараптуу пневмониянын оор өтүшү, дем алуунун жетишсиздиги, курч кармаган дем алуу дистресс синдрому диагнозу коюлган. Андан тышкары, маркумдун өнөкөт гепатохолецистит жана боордун дистрафия оорулары болгон. 2-майдан тарта жандандыруу бөлүмүндө жаткан.

24-майда республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында 70 жашында Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев коронавирус инфекциясынан кайтыш болду. Мукар Чолпонбаевдин жубайы да коронавирус жуктуруп алганы маалым.

25-майга карата Жайыл аймактык ооруканасынын инфекциялык бөлүмүндө 67 жаштагы эркек киши каза болгон.

2-июнга карата Нарын облустук ооруканасында 79 жаштагы аял киши каза болду. Ал 13-майдан бери облустук ооруканада дарыланып жаткан. 29-майда жандандыруу бөлүмүнө которулган, ал оор түрдө ооруну өткөрүп, дем алууда кыйналып жаткан. Буга чейин инсульт болгон, кант диабети жана башка оорулары бар болгону кабарланды.

3-июнга карата өлкөдө COVID-19 вирусунан дагы 3 бейтап каза болду. Алардын бири 1961-жылы туулган (59 жашта) эркек киши. Ал Кара-Кулжа райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун фтизиатр дарыгери Исмаилов Альберт Жумабекович. Кесибине байланыштуу пневмония менен ооруган бейтаптарды кабыл алып жаткан. Андан COVID-19 вирусу тастыкталып, оор абалда өтүп жатканы белгилүү болгон. Ош облустук ооруканасында дарыланууга жаткырылган.

Экинчиси 1965-жылы туулган (55 жашта) эркек киши. Маркум жүк ташуучу унаанын айдоочусу. 27-майдан бери Ош облустук ооруканасында оор абалда жаткан.

Үчүнчүсү 1936-жылы туулган (84 жашта) эркек киши, Нарын облусунун тургуну. 21-майда жугуштуу оорулар бөлүмүнө которулган.

 

5-июнга карата дагы 2 адам кайтыш болду. Бири улуттук фтизиатрия борборунан 82 жаштагы аял киши. Маркумга илдет ишканада эмгектенген кызынан жуккан. Кызы коронавирусту жуктуруп алганы 29-майда аныкталган. Маркум кант диабети менен жабыркаган.

Экинчиси Ош облустук бириктирилген ооруканасында дарыланып жаткан 34 жаштагы аял киши. Ал залалдуу шишик дарты менен жабыркап келген.

Мындан тышкары, Пакистанда жүргөн 72 жаштагы кыргыз жаранынан вирус аныкталып, ал 9-апрелде каза болгонун тышкы иштер министрлигинен ырасташкан. Ал эми республикалык штабдан кыргыз жараны карантинде жатканын, ал жүрөк оорусунан каза болгонун кабарлаган. Маркумдун коронавируска тапшырган экинчи тестинин жыйынтыгы күтүлүп жаткан. Анын башка өнөкөт илдеттери дагы болгонун билдиришкен.

Орусияда Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун Ала-Бука айылынын 50 жаштагы тургуну коронавирустан каза болуп, анын сөөгү 10-майда Талас аркылуу алып келинген.
 Индияда жүргөн кыргыз жарандарынын бири коронавируска кабылып, илдеттен каза болгонун республикалык штабдан кабарлашкан.

Супер кж

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер