Акыркы кабарлар
» Коом » Орусияда аскер комиссариаттарына кол салуу күчөдү
Орусияда аскер комиссариаттарына кол салуу күчөдү
17-октябрь, 11:27


Апта аягында Москва облусуна караштуу Щелково шаарынын аскер комиссариаты өрттөлдү. "База" агенттиги маалымдагандай, белгисиз кишилер күйүүчү май куюлган эки бөтөлкөнү военкоматтын терезесинен ичкери карай ыргытышкан. Натыйжада эки иш бөлмөсү - бирөөсү архив сакталган жай жабыр тарткан.
Өлкөдө жарым-жартылай мобилизация башталгандан бери комиссариаттарга кол салуулар күчөдү. 16-октябрга карата 50 жерде өрттөө аракети катталган.
Сентябрдын аягында Орусиянын Иркутск облусунун Усть-Илимск шаарындагы аскердик комиссариаттардын биринде аскерге чакырылган адам ок чыгарып, андан аскерге чакыруу комиссиясынын башчысы Александр Елисеев жаракат алган.
Орусияда мобилизацияга каршы бир катар шаарларда ири акциялар өттү. 25-сентябрдын кечинде митингдерге чыккан эки жарым миңдей киши кармалганы маалым болду. Он миңдеген адамдар, негизинен эркектер өлкөдөн чыгып кетишкен.










