Акыркы кабарлар
» Саясат » Украинада бүгүнкүгө чейин канча жаран каза болду?
Украинада бүгүнкүгө чейин канча жаран каза болду?
30-март, 19:45


Украинада бүгүнкү күнгө чейин 1179 жөнөкөй жаран каза болду, ошондой эле 1860 жөнөкөй жашоочу жаракат алды. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюму билдирди.
Каза болгон жөнөкөй жарандардын ичинен 236сы эркек киши, 172си аял киши, 15и кыз бала, 34ү эркек бала. Калган 55 бала менен 667 чоң кишинин жынысы тактала элек. Ал эми жаракат алган жөнөкөй жашоочулардын ичинен 209у эркек киши, 157си аял киши, 34ү кыз бала, 26сы эркек бала. Калган 74 бала менен 1360 чоң кишинин жынысы тактала элек.










