Коронавирустан корккон ата балдары менен токойго качып кеткен
Кавалерово айылынын тургуну үч баласын токойго убактылуу жашоого алып кетип калган. Бул тууралуу Орусиянын тергөө комитетинин тергөө башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Приморск аймагында полиция “дайынсыз жоголгон” үй-бүлөнү издөө менен алектенип жаткан. Май айынын башында укук коргоо органдары Кавалерово айылында үч жаш бала дайынсыз жоголгонун билдиришкен. Алардын атасы дагы жоголуп кеткендиги аныкталган. Үй-бүлөнү издөөгө ыктыярчылар, полиция кызматкерлери, куткаруучулар тартылган. Тергөөчүлөр күбөлөрдү суракка алып, операция борборун уюштурушкан. Эки күндөн кийин балдар атасы менен кошо табылган. Белгилүү болгондой, балдардын атасы пандемияга байланыштуу жагымсыз абал өтүп кеткиче балдарды токойго алып кетип калууну чечкен.
Тергөөчүлөр учурда аталган үй-бүлө менен иш алып барып жатышат.
Булак “Барс медиа”