Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Разаков Баткенге баруудан эмнеге коркот? Эл кабыл албай кубалап жибереби?

Разаков Баткенге баруудан эмнеге коркот? Эл кабыл албай кубалап жибереби?

10-январь, 19:27
1 292 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эске салсак, 10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чатак чыгып, тажик айылы тараптан кыргыз тарапка туш келди ок атылганы кабарланган. Мындан улам Баткендеги Көк-Таш айылынын 250дөй тургуну коопсуз жайга чыгарылып, айылдагы мектепке жайгаштырылган болчу. 

Мындай жаңжал өнөкөткө айланганы, элибиздин кооптонуп жашап атканы жашыруун эмес. Учурда болсо, кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу токтоп, эки тараптын сүйлөшүүсү менен абал турукташып калганы маалымдалды. Албетте, бул убактылуу көрүнүш болушу мүмкүн. Себеби, буга чейин далай чыр-чатактар чыга берип, көнүмүшкө айланып калган эле. 

Эмне үчүн өкмөттөгү чек ара кызматын тейлеген, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Баткенге барып, элдин ахвалын сураганга жараган жок? Жылуу кабинетте отуруп алып эле телефондон кабар алып койгону кимге керек? Мындай жагдайда вице-премьер учуп барып, тажик тараптын жооптуу жетекчилери менен жолугушса болмок. Элибизге да дем берип, ахвал сурап кайтса не? А баса, бир сапар чек арада чатак чыкканда, дал ушул Разаков Баткенге бара коюп, элдин таландысында калып, ачуу сөздөрдүү угуу менен качып кеткени эсиңердеби? Ютубда видеосу жүрөт го? Эми да ошону ойлоп, жалтактап калган кербезиби? Мындай жетекчини кармап отуруунун канчалык кажети бар?..


Aryba.kg



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер