Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чабал кадр Азамат Байгазиевдин айынан ИИМге тескери сөз тийүүдө

Чабал кадр Азамат Байгазиевдин айынан ИИМге тескери сөз тийүүдө

14-октябрь, 19:30
935 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өткөн жумада Ленин РИИБнин эки опер кызматкери пара алууга айыпталып, УКМК тарабынан кармалышты. Мындай жагымсыз жорук өнөкөткө айланды. Коопсуздукту, тартипти камсыздай турган милициялар чекесинен камалышып, кылмыш иштерге кириптер болушууда. Ленин РИИБнин начальниги Азамат Байгазиевди өздүк курамы тоготпосо, каакы ордуна көрүшпөсө, башка тың жетекчини дайындашсын да. Бул эргул Свердлов РИИБни башкарып турганда дараметин көргөнбүз, кылмыштуулук менен күрөшө албай, коллективин ырааттуу тескөөгө шаасы келбей, оор беренелер менен айыпталгандар кармалышпай (мисалы, 13 жашар кыздын зордукталышы, талап-тоноо, ж.б.), сенсация жаратып жатчу! Агезде да Свердлов РИИБдеги милициялар пара алууга шектелип келишкен. Ток этери, Азамат Байгазиев кайсы жерди жетектебесин, артынан чуу чыгып, ИИМге сөз тийгизүүдө. Мындай кадрдан тезинен арылуу үчүн мезгил сааты кагып турат. ГОМду жетектегенге татыксыз эргулду айдап жиберүүгө убакыт мерчеми келди го?..  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер