Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызстан аялдарга өзүнчө округ берген дүйнөдөгү алгачкы өлкө

Кыргызстан аялдарга өзүнчө округ берген дүйнөдөгү алгачкы өлкө

06-октябрь, 01:00
550 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстан дүйнөдө алгачкы болуп аялдарга арналган шайлоо округдарын мыйзамдаштырган өлкө. Адамзат цивилизациясынын өнүгүшүндөгү жаңы барак.

1893-жылы Жаңы Зеландия дүйнө тарыхына парламенттик шайлоодо аялдарга добуш берүү укугун ыйгарган алгачкы мамлекет катары кирген. Бул окуя коомдун аң-сезиминдеги чыныгы революция болуп, кылымдар бою сакталып келген патриархалдык иретти түп-тамырынан өзгөрткөн.

Ал эми 2025-жылы жаңы цивилизациялык прецедентти жараткан өлкө Кыргызстан болду. Алгач ирет дүйнөдө аялдар үчүн өзүнчө парламенттик бир мандаттуу округдарды мыйзам менен бекитти. Бул жөн гана саясый кадам эмес, аныгында формалдуу теңчиликтен чыныгы түзүмдүк инклюзивдүүлүккө багытталган философиялык жана маданий секирик.


«Эркиндик  бул таанылган зарылдык»

(Георг Гегель)


Буга чейин көптөгөн өлкөлөрдө аялдардын саясатка аралашуусу негизинен символикалык мүнөзгө ээ болуп келген. Айрым жерлерде квоталар киргизилсе да, аларды тандоо процессинде, каржылык атаандашууда же саясый кысымда жоготуп алуу оңой жыйынтыкталчу. Кыргызстан болсо теңчиликтин жаңы моделин сунуштады – бул жеңилдиктен да ириде кепилдик. Иш жүзүндө жөн эле тең укуктуулук эмес, натыйжалуу айырмачылыктарды таанып, аларды ишке ашырууга шарт түзүп берүү.


«Адилеттүүлүк – бул баарына бирдей эмес, ар кимге карата мүмкүнчүлүгүн ачууда керектүүсүн берүү»

(Аристотель)


Аялдарга белгилүү бир округдарды ыйгаруу менен Жогорку Кеңеш тарыхый теңсиздикти жөн гана «нейтралдуу» чаралар менен карабай, атайын проактивдүү саясаттын негизинде жоюу зарылдыгын тааныды. Бул эркектерди четке кагуу эмес, аныгында, кылымдар бою калыптанып келген теңсиздиктен кийин баланс калыбына келтирүү кадамы.

Мындай ыкма позитивдүү дискриминациянын эң жогорку үлгүсү. Ал эч кимге каршылык жаратпайт, тескерисинче, баары үчүн иштеген саясат. Анткени аялдардын саясаттагы катышуусу чечим кабыл алуунун стилин өзгөртөт: социалдык маселелерге, билимге, саламаттыкты сактоого, гуманитардык багытка көбүрөөк көңүл бурулат.


«Аялдардын үнү угулбаган дүйнө – бул жарымы жок чындыкты сүйлөгөн дүйнө»

(Симона де Бовуар)


Саясый турбуленттүүлүктөн чарчаган Кыргызстан бүгүн бүтүндөй постсоветтик жана ислам дүйнөсүнүн көңүлүн буруп, институционалдык жаңычылдыктын үлгүсүн көрсөтүүдө. Себеби, мындай өзгөчө кадам салттары бекем өлкөдө жасалды. Бирок дал ошол салттардын негизинде урматтоо жана адилеттүүлүк түшүнүгү жатат.

Бул тарыхый өзгөрүү БУУнун же эл аралык уюмдардын отчетторунда гана катталып калбашы керек. Негизинен жаңы дискурстун башталышы болушу зарыл. Анткени аял саясатта жөн гана катышуучу катары көрүлбөй, келечекти калыптандыра турган толук кандуу субъект экенин таануу зарыл.


«Улуу өзгөрүүлөр адам өзүн-өзү кандай түшүнгөнүнөн башталат»

(Фридрих Ницше)


Кыргызстан дал ушул жолду баштады. Балким, ондогон жылдар өткөн соң тарых китептеринде Кыргызстан аялдарга жөн гана шайлануу укугун берген эмес, алар чындап шайланып, дүйнөнү өзгөртө алган шарт түзгөн өлкө катары жазылып калат.


Бакыт Бакетаев, саясат таануучу  

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер