Акыркы кабарлар
» Саясат » Жапаров менен жарашып, кызмат алууну кыялданган Каныбек Капашович
Жапаров менен жарашып, кызмат алууну кыялданган Каныбек Капашович
04-февраль, 09:00

Октябрь төңкөрүшү менен Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин бир топ эле бут тосууларга кабылып атты. Өзгөчө жоон топ саясатчылар мүмкүнчүлүк беришпей, байма-бай сындап атышканы эсибизде. Ошолордун ичинен өткүр сөздүү Каныбек Иманалиев катуу сынга алганы унутула элек. Баарын кайталап отурбайлы. Жаалдана президенттик шайлоо үгүтү бүткөнчө жамандап турду эле. Биз муну эмнеге эстеп атабыз? Өздүк булагыбыздын билдиргенине караганда, соңку убакта Каныбек Капашович позициясын өзгөртүп, президент менен тил табышуунун амалын кылып, кабыл алуусуна жете албай жатканын эшиттик. Ортомчулардын сөздөрү өтпөй атабы? Бал тили менен Каныбек Иманалиев кызмат алуу кыялын ишке ашырабы? Садыр Жапаров оңой менен кечире койбойт го...
"Азия Ньюс" гезити