Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Самара Каримова соттон мыйзамсыз утса, Нуржигит Кадырбеков кол койгон...

Самара Каримова соттон мыйзамсыз утса, Нуржигит Кадырбеков кол койгон...

18-январь, 22:29
3 198 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги ырчы Самара Каримованы Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайга директор кылып кызматка кайтаруу жөнүндө соттун чечимин 15-январда Бишкек шаардык сотуна даттанды. Маалыматты «Клоопко» министрликтен тастыкташты.

Маданият министрлиги Биринчи май райондук сотунун чечимин жокко чыгарууга Эмгек кодексинин 414-беренеси негиз болоорун билдирген. Министрлик мыйзамга ылайык Каримова кызматтан бошотулгандан тарта сотко 2 айдын ичинде кайрылышы керектигин эскерткен. Ырчы сотко 2 жылдан кийин кайрылган.

Анткен менен маданият министрлигинин өкүлү райондук соттук отурумда Каримова «иштен мыйзамсыз алынганын жана аны кызматка кайтаруу керектигин» толугу менен моюндаган. Судья Жамиля Акылбекова Каримованын доосун канааттандырууга ушул жагдай негиз болгонун белгилеген.

16-январда болсо Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова ырчынын кызматка кайтуу аракети мыйзамсыз экенин жазып чыккан.

«Самара Каримовага каршы эмесмин, бирок судьялар кылган нерселерине унчукпай карап тура албадым. Эмгек кодексинин 414-беренесине ылайык, жумуштан бошотулган жумушчу бошотуу тууралуу буйрук менен таанышкандан тарта 2 айдын ичинде сотко кайрылууга укугу бар. Каримова 2018-жылдын 1-ноябрында кызматынан бошотулуп, сотко 2020-жылдын декабрь айында кайрылган — эки жылдан кийин. Биринчи май райондук сотунун судьясы Акылбекова доонун эскириши тууралуу түшүнүгү да жок экен», — деп жазган Сооронкулова.

Самара Каримова 2018-жылдын 24-октябрында маданият министринин м.а. статс-катчы Бактыбек Секимовдун буйругу менен музыкалык окуу жайдын директору болуп дайындалган. Ал эми 25-октябрда маданият министри болуп дайындалган Азамат Жаманкулов ырчыны 1-ноябрда кызматынан бошотуп, Секимовго сөгүш жарыялоону сунуштаган.

Жаманкулов мунун себебин Каримованы жетекчилик кызматка дайындоо мыйзамсыз болгону менен түшүндүргөн.

Арадан эки жыл өтүп, Каримова маданият министрлигинин чечимин Биринчи май райондук сотуна даттанды. Ал эми 2020-жылдын 17-декабрында сот анын доосун канааттандырып, Каримованы окуу жайдын директор кызматына кайтаруу чечимин кабыл алган.

Маданият министри Нуржигит Кадырбеков «соттун чечимин аткаруу максатында» 14-январда Каримованы окуу жайдын директорлугуна 15-январдан тартып дайындоо буйругуна кол койгон.

Ал эми Самара Каримова музыкалык окуу жайдын кызматкерлери «соттун чечимин аткарбаганы үчүн» алардын үстүнөн милицияга кайрылды.


Элдияр Бакиров, “Клооп”

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер